ЫРААЗЫЧЫЛЫКТЫН СЫРЫ

  • Ар бир күнүңүздү ыраазычылыктан баштаңыз, ыраазычылык бул бактылуу жашоонун ачкычы.
  • Сизди жараткан, ден соолук берген, ар бир күндү буюруп тынымсыз ырыскы берген Аллага ыраазы болуңуз!
  • Жарык дүйнөгө алып келген, жакшы күндөрүңүзгө кубанган, оор күндөрүңүздө сиз үчүн дуба кылган ата-энеңизге ыраазы болуңуз!
  • Жакындарыңыздын бар экенине ыраазы болуңуз!
  • Дем алып жаткан аба, ичип жаткан суу, сизди курчап турган табият бар экенине ыраазы болуңуз!
  • Баардык жакшылыктар, ийгиликтер, мамилелер ыраазычылыктан башталат.
  • Ыраазычылык – бул адептүүлүк, акылмандык, кичипейилдик.
  • Ыраазычылык – эн чоң стимул, эң чоң мүмкүнчүлүк, эң күчтүү эмоция.
  • Ыраазычылык – бул сүйүү, мамиле.
  • Ыраазычылык – бул кайтып келүүчү сыйкырдуу сезим.
  • Ыраазычылык – үмүт.
  • Баардыгына ыраазы болуңуз! Сизге ыраазы болуу мүмкүнчүлүгүн берип жаткандын баарына «ЫРААЗЫМЫН, РАХМАТ» деп айтканды үйрөнүңүз. Башкалар да сизге ыраазы болгондо ишиниз жакшы жүрөт.
  • Сиздин ар бир ийгиликтүү күнүңүз ыраазычылыктын жыйынтыгы.

Мен да күнүмдү ыраазычылыктан баштайм. Көңүл бөлүп бул макаланы окуп жаткан баарыңыздарга ыраазымын!

Асыл ойлор

Ыраазычылык – сизди улуу кылат! Ошо

Эгер сизди бирөө капалантса ал сизди бир нерсеге үйрөткөндүгү үчүн, ага ыраазы болуңуз! Ошо

Ыраазычылык билдирүү сезими биздин татыктуу жашообузду жогорулатат. Роберт Эммонс

Shok.kg

Бөлүшүңүз:

4 мысли о “ЫРААЗЫЧЫЛЫКТЫН СЫРЫ

  1. Гулжамал сказал:

    Ушул ыраазычылык катын жазган, уйроткон адамга, ушул танды корсоткон Аллага терен таазим жана ыраазымын 🤲🤲🤲

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *