МАКСАТ ЖАНА АГА ЖЕТҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

  • Көптөн бери кыялданып жүргөн кыялыңызды ишке ашыруу үчүн максат кылып коюңуз. Кыял жөн гана каалоо, эңсөө. Максат – бул каалоонун жыйынтыгы. Андыктан каалагандын өзү жеңиш. Каалаган нерсеңизди максат кылып коюп, андан соң кыялдансаңыз эфективдүү болот. Ийгиликтүү адам болом десеңиз сөзсүз МАКСАТ коюңуз!
  • Максаты жок адам дайыма максаты бар адамдын планы болуп кала берет. Башка бирөөнүн планы болуп калбастан, өз күнүңүздү өзүңүз пландап, ӨЗ ЖАШООҢУЗДУН КОЖОЮНУ БОЛУҢУЗ!
  • Максатка жетүүдө чыдамкай болуу менен, айлана-чөйрөңүздө сизге карай айтылган пикирлерге көңүл бөлбөңүз. “Эл эмне дейт?” деген ойду мээңизден чыгарып салыңыз!
  • Ар дайым убактыңызды туура пайдаланыңыз!
  • Максатка жетүүдө жарым жолдо чарчооңуз мүмкүн, же тоскоолдуктар чыгат. Бирок сиз билиңиз, АРТКА ЖОЛ ЖОК! Тоскоолдуктарды жеңген гана, максатына жетет. Тоскоолдуктарды жеңе билүү үчүн сиз ар күнү өзүңүздү шыктандырып туруңуз. Максатты көздөй бет алган абалыңызга стимул бериңиз. Жакшы нерселерди адатка айландырыңыз! Күчтүү болуңуз!
  • Адам баласынын жашоосу күнүмдүк күндөргө коюлган майда-чүйдө максаттардан баштап чоң максаттардын тизмегинен турат. Бирок туура эмес коюлган максаттардан улам айрымдардыкы ишке ашпай калат.
  • Максат так, даана коюлуусу шарт.
  • Максат реалдуу болуу зарыл.  
  • Максатка жетүүгө коюулган план жана кадамдар туура коюлса максатыңыздын жарымы ишке ашты деп эсептей берсеңиз болот.

Асыл ойлор

Максатка жетүүдө кандай ылдамдыкта баратканың эмес, токтоп турбагандыгың маанилүү. (Конфуций)

Эгер сиз бактылуу жашоону кааласаңыз, адамдарга жана буюмдарга эмес максатыңызга байланыңыз. А. Эйнштейн

Максатыңа жетүү үчүн, максатты көздөй баруу керек. Оноре де Бальзак

Максат коюу жана жаңы кыялдарды орундатуу эч качан кеч болбойт. Кэрролл Льюис

Shok.kg

 

Бөлүшүңүз:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *