МАКСАТЫҢЫЗДЫ ОРУНДАТА ТУРЧУ 12 ЫКМА

Максат койдуңуз, план жаздыңыз, кадамдарга бөлдүңүз, бирок аны баштоодо “бүгүндөн баштап…,эртеңден баштап… сөзсүз” деп жатып бүгүн менен эртеңиңиз көбөйүп кеттиби? Башкаларда да мындай көп болгон. Анда максатыңызды көздөй бет алчу өзүңүздүн абалыңызды өзгөртүп, абалңызга стимул бериңиз.

1. Эртең менен эрте туруп, көнүгүү жасаңыз, чуркаңыз!

2. Күндө бир маал табияттын кучагында эс алып, сейилдеп басыңыз. Табиятка суктаныңыз!

3. Осанканы кармаңыз! Тулку боюңузга кам көрүңүз!

4. Үйүңүздөгү ашыкча сиздин маанайыңызды түшүрчү нерселерден арылыңыз! Минимализмге өтүүгө аракет кылыңыз!

5. Жеңил жана витаминдүү азыктар менен азыктаныңыз!

6. Көнүп алган чач жасалгаңызды өзгөртүңүз!

7. Эң жакшы жакка кийип барчу кийимдериңизди күнүмдүк кийилүүчү кийимдердин катарына кошуңуз, кийип чыгыңыз!

8. Өзүңүз суктанып жүргөн жакшы жерден тамактаныңыз!

9. Жакшы жайда сизге стимул берчү адам менен баарлашыңыз!

10. Кээде ал тургай себинип алган жыпар жытыңыз дагы сизге дем берет.

11. Кымбат, баалуу дүкөндөрдөн шоппинг кылыңыз! Ушатылып жаткан акчаңызга кейибеңиз! Сиз бергенде гана аласыз.

12.  Белек бериңиз, жакшы комплимент айтыңыз! Күлүп, жылмайып, рахмат, ыраазымын деген сөздөрдүн коштоосунда жүрүңүз!

        Сиздин, жакшы кийим кийүүңүз, эрте турууңуз, жакшы жайдан тамактанууңуз ж.б абал сиздин ишенимиңиизди арбытат!
Максатыңызга жетүүдө өзүңүзгө ишеним, стимул берип алсаңыз максатты карай жол жеңил болот! Ишеним – ийгилик жаратат!
Ишеним – сөзсүз ийгилик жаратат!

Shok.kg

 

Бөлүшүңүз:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *