ПЛАНЫ ЖОК ЖАНА ПЛАН МЕНЕН ИШТӨӨНҮН 12 АЙЫРМАСЫ

Планы жок иш:

1. Оюңуздун чачырандуулугуна, иштин ирээтсиздигине, чала бүтүшүнө алып келет.

2. Убакыттын ысырап болуусуна шарт түзөт.

3. Ашыкча энергияңыз короп, бат чарчайсыз.

4. Айлана чөйрөңүздөгү адамдарды кыжырлантасыз.

5. Шылтоону көп айтып, калпычы атка коносуз.

6. Өзүңүз жана үй бүлөңүз үчүн да эс алууга убакыт таппайсыз.

7. Эртенки күнгө калтырып жатып, жумуштар биринин үстүнө бири үйүлөт  да тогуз толгоо бир келет.

8. Аз жумуш бүтүрөсүз.

9. Планы жок иш жоопкерчиликсиздикке алып келет.

10. Ал тургай чөнтөгүңүзгө да доо келип, акчаны ысырап кылып колдоно баштайсыз.

11. Эс тутумуңуз начарлайт.

12. Башка бирөөлөрдүн планы болуп калууңуз толук мүмкүн.  

 Сиз план коюу менен:

1. План коюуга убакыт коротуу менен, көп нерсеге үлгүрөсүз. Убакытыңызды үнөмдөйсүз.

2. Ар бир жумушту убагында бүтүрөсүз.

3. Чарчабайсыз.

4. Максатыңызга тез жетесиз.

5. Эмнени? Кайсыны? Качан? Кантип? ишке ашырууну так билесиз.

6. Тактыгыныз үчүн сый-урматка арзыйсыз. Сизге ишеним көрсөткөн адамдардын саны арбын болот.

7. Эс алууга да убакыт табасыз.  

8. Көңүлүңүз ток болуп, жайдары мүнөзгө ээ болуп, стресстен арыласыз.  

9. Көңүл сыртында эч нерсе калбайт.

10. Акчаны көп таап, капчыгыңыз калыңдайт.

11. Жашооңузду өзүңүз башкарасыз.

12. Башка да талантыңыздын, жөндөмүңүздүн үстүндө иштөөгө үлгүрөсүз. Көп кырдуу болосуз!  

Сунуш:
– жылдык (1 жылдык, 5 жылдык план…)
– айлык (1айлык, 6 айлык…)
– жумалык
– ар бир күнгө план жазыныз!

Асыл ойлор

  • Убакыт өтүп жатат бул – жаман жаңылык. А бирок убакыттын кожоюну сен экендигиң – жакшы жаңылык! М. Альтшулер
  • Максатка жетүү үчүн план түзбөсөң, ал кыял боюнча кала берет.

Shok.kg

 

Бөлүшүңүз:

5 мыслей о “ПЛАНЫ ЖОК ЖАНА ПЛАН МЕНЕН ИШТӨӨНҮН 12 АЙЫРМАСЫ

  1. Адилет сказал:

    1 Бул сайт :кыргыз тилинде болгондугу жакты.
    АР ДАЙЫМ АЛГА,ИЙГИЛИК,ТААСИРДУУ МААЛЫМАТТАРДЫ БЕРДИНИЗДЕР.ДАГЫ ДА ,МЫНДАН ДА ЖАКШЫ СТИМУЛДАРДЫ БЕРИНИЗДЕР.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *