Сөздүн ден-соолукка таасири

Көптөгөн адамдар жакшы жаман сөздүн башкаларга кандай таасир берерине маани бере беришпейт. Чындыгында жакшы сөз менен бирөөнү бактылуу, а жаман сөз менен бактысыз кылууга болот. Же бир эле жакшы сөз менен бирөөнү дарылап, же жаман сөз менен бирөөнү өлтүрүп коюу да мүмкүн. Ал эми жаман сөз кол менен же таяк менен ургандан да катуу азап берет. Ошондуктан эл оозундагы “ЖАКШЫ СӨЗ ЖАН ЭРГИТЕТ, ЖАМАН СӨЗ ЖАН КЕЙИТЕТ деген сөз бекеринен айтылган эмес. Аллах Таала жакшы сөз менен жаман сөздү Ыйык Курандагы “Ибрахим” сүрөөсүнүн 24-26 аяттарында төмөнкүчө салыштырып баяндаган:

Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам да мусулман адам ойлонбой сүйлөп өзүн өзү тозок отуна татыктуу кылып коюусунан эскерткен. Бул дегени ыймандуу адам ар бир сүйлөгөн сөзүнүн маанисине терең көңүл буруп сүйлөшү керектигин билдирет. Анткени сөздүн адамга берген таасирине маани берүү ар бирибиздин милдетибиз. Сөз тизгинин туура кармаган адам гана ийгиликке жетет. Ошондуктан сүйлөгөн сөзүңдө даанышман болгун! Ар бир сөздүн өз орду, өз убагы бар.

Сөз өзү менен бирге информацияны гана эмес, энергияны да алып жүрөт. Жаман сөз жаман таасир берип, адамдын жүрөгүн жаралап, көңүлдөн кеткис “так” калтырат. Эл оозундагы “Өлүм менен көңүлдүн айласы жок” деген кеп да таамай айтылган. Көңүлдү калтырган жаман сөз тактайга каккан мык сыяктуу. Мыкты сууруп алганда, тактайда кандай из калса, көңүлдө да ошондой из калат. Дарыгер да жакшы сөз айтса дары , жаман сөз айтса уу болот.
Ошондуктан урматтуу ага-инилер, эже-карындаштар! Оозубуздан чыккан ар бир сөз жан эргиткен жакшы, жагымдуу сөз болсун! Ата-энелерибизге, үй-бүлөбүзгө, бир-туугандарыбызга, досторубузга кыскасы бардык адамдарга бир гана жакшы сөз менен мамиле кылууга аракет кылалы!

Неля Нуркулова

 

Бөлүшүңүз:

Одна мысль о “Сөздүн ден-соолукка таасири

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *