ДЕН СООЛУККА КАМ КӨРҮҮНҮН ЭҢ ЖӨНӨКӨЙ 5 ЭРЕЖЕСИ

Ушул 5 эрежени мээңизге түйүп алсаңыз, ден соолугуңуз чың болуп, бактылуу узак жашайсыз.

1. Көнүгүү. Учурда техникалашкан коомдо, баарыбыз кыймылсыз жашап жатабыз. Кыймылсыздык адамдын  маанайын жоготуп, шалдыратып, тез чарчатат. Андыктан күнүнө эртең менен 15 мүнөт көнүгүү жасасаңыз, өзүңүзгө энергия алып,  дене боюңуз жазылып, ийилчээк болуп, кечке шамдагай жүрөсүз. Көнүгүү жасаган адам эч качан оорубайт. Муун ооруларын алдын алып, денеңиз чыңалып эрте картаюуга жол бербейсиз.

2. Суу ичүү. Адам баласынан күнүнө 1л 200 гр-1л 600 граммга чейин суюктук бөлүнүп чыгат. Ал суюктукту кайрадан ордун ашыгы менен толуктап турбаса, гүлгө суу куюлбаганда куурап, чүрүшкөн сыяктуу, бетинизге бырыш тушуп, ички органдарынызга туз ж.б нерселер чогула берет да, ар кандай ооруга чалдыгасыз, тез карыйсыз. Андыктан, таң аткандан кечки саат 6 га чейин ичкен сууңуздун өлчөмүн 2-2,5 литрге чейин жеткириңиз. Денеңиз суу менен толук кандуу камсыз болуп турса, ден соолугунуз чың болот.

 3. Тамактануу. Саламаттыгыңызга кам көрүп, көп жашайын десеңиз тамактанууңузду жөнгө салыңыз. Организмге зыян алып келе турчу тамактарды рационуңуздан чыгарып салыңыз. Газдалган суусундуктардан, фаст фуд, куурулган тамактардан качыңыз. Бууга бышкан, кайнатма жана жашылча жемиш, витаминдүү азыктар менен достошуңуз. Колуңуздан келишинче көчөдөн тамактанбай үйдөн жасалган тамак менен тамактаныңыз. Тамактануу үчүн атайын убакытыңызды тууралаштырып, адатка айландырып алыңыз. Аз-аздан, беш маал тамактаныңыз. Ачка көпкө жүрбөңүз. Курсагыңыз ачканда ашказанды алаксытуу үчүн жаныңызга дайыма кургатылган как, данек, дандардан салып жүрүңүз.

 4. Эс алуу. Кара жанды карч уруп иштебеңиз. Адам баласы акча табам деп жүрүп, ден соолугуна кайдыгер карап ооруп калат. Жыйынтыгында иштеп тапкан акчасын ден соолугун калыптандыруу үчүн жумшайт. Андыктан ар нерсени учурунда жасап, учурунда баалоо керек. Убактыңызды туура бөлүштүрүп, эс алууга ар дайым убакыт табыңыз. Убагында эс алуу сиздин ден соолугуңуздун чың болушуна чоң таасирин тийгизет жана эс алуудан кийинки жумуш ар дайым жыйынтыктуу болот. Эс алгыңыз келип жатса эс алыңыз, денеңизди күчкө салбаңыз. Денеңиз сизге Жараткандан берилген АМАНАТ. Аманатка кыянат кылган болбойт!

 5. Жакшы мамиле. Адамдар менен жакшы мамиледе болуңуз. Кээ бирөө адамдар менен болгон мамиле ден соолукка таасирин тийгизээрин көп аңдай бербейт. Бирок оорунун эң жогорку точкасы мамиледе деп эскертер элем. Бирөө менен жаман мамиледе болуу, аны менен кайым айтышуу, жек көрүү, таарыныч, кек сактоо, бук болуу же ичке катуу, көрө албастык, көк беттик мунун баары ооруну алып келе турчу биринчи себеп. Мээдеги оорунсуздук, тынчсыздануу, стресс унутчаактыкка эле алып келбестен баардык нерв системасына таасир этип, анын кесепетинен дартка кабыласыз. Медицинада да, оорунун эң биринчи себеби катары “стрессти” белгилешет. Андыктан ички туюмуңуз, жан дүйнөңүз менен иштеңиз, мээңизди позитивге толтуруп, адамдар менен болгон мамилеңизди жөнгө салыңыз, жакшы сөз арнаңыз, белек бериңиз, жардамдашыңыз, кайрымдуу болуңуз. Баардык нерсе кайтып келүүчү, жакшы дагы жаман дагы. Жашооңуздун рулу өзүңүздө.

Даярдаган: Анара Токтосунова  

Бөлүшүңүз:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *