МӨМӨЛҮҮ АМАЛ

Күндөрдүн биринде падыша жан-жөкөрлөрү менен шаарды кыдырып жүрүп, жашы улгайып калган дыйкандын зайтун дарагын отургузуп жатканын көрүп калат. Өкүмдар абышкага: “Эмне үчүн зайтун дарагын отургузуп жатасын? Бул дарак мөмө бергенче жыйырма жыл өтөт, а сенин жашың бир топко чыгып, төрүңдөн көрүң жакындап калыптыр”-деди.
Карыя дыйкан: “О, падышам! Ата-бабаларыбыз бак-дарак отургузду, мөмөсүн биз терип жедик. Биздин урпактарыбыз да мөмөсүн жесин деп дарак отургузуп жатам”-деп жооп берди.
Падыша: “Бул абышка керемет сөз сүйлөдү, алтын бергиле!”-деп аскерлерине буйрук кылат.
Абышка акчаны алаары менен жылмайып койду.
Падыша: “Эмне үчүн жылмайып жатасын? “-деп сурады.
Абышка: “Зайтун дарагы жыйырма жылдан кийин мөмө берет, а менин дарагым азыр эле мөмө бере баштады”-деди.
Падыша: “Бул абышка дагы эң жакшы сөздү айтты, дагы алтын кошуп бергиле!”-деди.
Абышка акчаны алып кайра дагы бир жолу жылмайып койду.
Падыша таң калып: “Эми эмне үчүн жылмайып жатасың?”-деди.
Абышка: “Элдин багы жылына бир эле жолу мөмө берсе, а менин дарагым эки ирет мөмө берди”-деди.
Падыша: “Бул абышка дагы эң жакшы сөз айтты, калган алтынды да бергиле “-деп аскерлерине буйрук берди да абышканын жанынан шашкан бойдон кетип калды.
Аскер башчы: “О, падышам! Эмне үчүн абышканын жанынан шашкан бойдон кетип калдыңыз?”-деп сурады.
Падыша: “Абышканын жанында таң атканча отурсам бардык акча түгөнүп, абышканын алтынга тете жакшы сөздөрү түгөнбөйт болчу”-деп жооп берди…
“Жакшы сөз, жакшы иш, жакшы мамиле дайыма мөмөсүн берип турат”.

                                                                                                     Которгон: Нуриет Абдулазиз

Бөлүшүңүз:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *