«Global UGRAD” программасы Америкага жол ачат

«Global UGRAD”– АКШда билим алууга эң чоң мүмкүнчүлүк түзгөн студенттик программа. Жыл сайын дүйнөнүн төрт бурчунан келген жүздөгөн жаштар бул программа аркылуу Америкада бир жыл бою акысыз билим алат. Ошондой эле студенттерге ай сайын стипендия төлөнүп берилет. Эгерде сиз чет өлкөдө окууну кыялданган болсоңуз, бул мүмкүнчүлүк сиз үчүн! Алдыда программанын шарттары жана талаптары боюнча кененирээк айтып беребиз.

Талапкерлерге коюлган шарттар:

  • 18 жаштан жогорку 1-2-курстун гана студенттери тапшыра алат;
  • КМШ, Европа, Түштүк, Чыгыш жана Борбор Азия, Түштүк Африка өлкөлөрүнүн жарандары катыша алат;
  • Мамлекеттик же жеке жогорку окуу жайында билим алып жаткан студент болушу керек;
  • Англис тилин мыкты деңгээлде билүүсү шарт;
  • Бул программа аркылуу окуусун аяктагандан кийин мекенине кайтып келиши талап.

Программага студенттер кантип тандалып алынат?

Бул программага студенттер 3 тур менен тандалып алынат:

1-тур:

  1. com сайтында көрсөтүлгөн жалпы маалыматтарды толтуруп, талап кылынган ( 2 рекомендация берүүчү кат, транскрипт) документтерди жүктөө керек.
  2. Атайын белгиленген тема боюнча эссе жазып жөнөтүү керек.

2-тур:

  1. Интервью (1-турдан өткөн студенттер интервьюга чакырылат)

3-тур

  1. TOEFL (Англис тилин билгендигин тастыктоочу сынак)

Эссени кантип жазуу керек?

Эссенин темалары жыл сайын өзгөрүп турат. Негизинен Америкага жана дүйнөгө белгилүү адамдардын цитаталарынан мисал берип, анын маанисин чечмелөөнү же жашооңузда болгон кыйынчылыктардан кантип чыктыңыз деген теманын тегерегинде берилет. Мындай эсселер адамдын ой жүгүртүүсүн аныктоого багытталат. Эссе жазууда төмөнкүлөрдү эстен чыгарбоо керек:

  1. Биринчиден, башка эсселерди окубай, бирөөнүн ойлорун көчүрбөй жазуу керек. Анткени адамда башка бирөөнүн эссесин окугандан кийин анын идеясы калып калат. Ар бир адам өзгөчө экенин унутпашы керек.
  2. Экинчиден, берилген суроого же ойго так жооп жазылышы зарыл. Көп жазса жакшы болот деген ой жаңылыштык.
  3. Үчүнчүдөн, эссе жазууда чынчыл болуу маанилүү. Жашооңуздагы кыйынчылыктардан же ар түрдүү оор кырдаалдардан кантип чыктыңыз, ачык эле жазыңыз. Бул аркылуу сиз жөндөмүңүздү көрсөтө аласыз. Курулай кооздоо же жалган нерселерди жазуу пайда алып келбейт. Анан сөзсүз  кириш сөзү, ойдун өнүгүшү жана  корутундусу болуш керек.

Рекомендация берүүчү катты кимге жаздыруу керек?

  1. Рекомендация берүүчү катты сизди абдан жакшы билген адамга жаздырыңыз. Көпчүлүк окутуучулар өзүң жазып кел, кол коюп берем дешет. Мындай учурда ал мугалимге жаздырбай эле койгонуңуз туура болот.
  2. Рекомендация берүүчү катта даяр шаблондордун же фразалардын жазылышы оң пайда алып келбейт.

 «Global UGRAD  программасы эмнелерди камсыздайт?

  1. Учак билети (Студенттин жашаган жеринен, АКШга чейинки жана кайра кайтып келгендеги билети)
  2. Виза
  3. Жатакана жана тамак-ашы
  4. TOEFL сынагынын акысы
  5. Стипендия берилет

Талапкерлер кайсы университетте же колледжде окуй турганын  тандай алышпайт. Үч турдан ийгиликтүү өткөн студенттерди уюштуруучу тарап атайын  белгиленген талаптар боюнча  70 университеттин бирөөнө кабыл алат. Студент өз өлкөсүндө кайсыл адистик боюнча билим алып жатса, ошол боюнча окуусун улантат. Ал эми сабактарды өзүнүн кызыгуусуна карап тандай алышат. Бирок, университет атайын “милдеттүү” түрдө окуш керек деп белгилеп койгон сабактарды сөзсүз окушат. Студенттер бир гана окуу менен чектелбей, спорттук жана маданий иш-чараларга катышат. Ошондой эле стажировкадан өтүү жана ыктыярчы болуу мүмкүнчүлүгү дагы бар. Белгилей кетсек, бул программага каттоо жыл сайын  ноябрь, декабрь айларында жүргүзүлөт.

Адинай Курманова

Бөлүшүңүз:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *