Эмне үчүн китеп окушубуз керек?

«20 жаштан кийин кишинин мээсинде күн сайын 50 миңдей нерв клеткасы ѳлѳт жана кайра толукталбайт.

Денедеги кайра толукталбай турган жалгыз клетка – НЕРВ КЛЕТКАСЫ. Эми ушул жоготуу башка дагы бир себептер аркылуу кѳбѳйүп отурса, акыры азбы-кѳппү акылдан айнуу, алжуу сыяктуу процесстер жүзѳгѳ аша баштайт. Ал эми дайыма китеп окуп тургандар башка кандайдыр бир себептер гана болбосо, мындай кемчиликтен кутула алат. Себеби китеп окуу мээнин клеткаларын сактайт.
Мээбиздин жаш бойдон турушу үчүн, аны дайыма иштетип турушубуз керек. Бул болсо кѳп-кѳп окуп, изилдеп, ар кандай анализдерди жүргүзүү менен ишке ашат.»

(«Эмне үчүн китеп окушубуз керек?» китебинен алынды)

Бул китепти окушуңуздарды сунуштайбыз. Ѳтѳ пайдалуу китеп. Китепке болгон сүйүүңүздү ойготот. Жогоруда айтылгандай жашооңузга кѳз чаптырып кѳрсѳңүз балким апаңыз, балким чоң апа, чоң аталарыңыз бир уулунун атын атоо үчүн болгон балдарынын атын, бир буюмдун атын атоо үчүн «калак, чолок, таштек» деп биртоп сѳздү айткан учурлар кѳп кездешет. Андыктан ѳзүңүздү ушул нерседен сактоо үчүн ар дайым мээ үчүн кѳнүгүү жасап туруңуз. Мээ үчүн кѳнүгүү – бул китеп окуу, тынымсыз билим алуу, изденүү. Китеп окуу сизге жаңы идеяларды, адамдар бербеген эргүүнү берип, позитивдүү ой жүгүртүүнү, туура ойлонууну, туура кадам таштоону, стресстен арылууну, ийгиликтүү мамиле курууну үйрѳтүп, унутчаактыктан арылтат.

Асыл ойлор

Китепкана куруу – ибадаткана кургандай ыйык иш. Виктор Гюго.

Китеп – рухтун дарысы. Жапон макалы.

Окуу бир коомдун күнүмдүк адатына айланганда. Ал коом сѳзсүз бактылуу болот.  Сократ.

Shok.kg

Бөлүшүңүз:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *