Кантип жаман адаттан арылууга болот?

Адам баласына жакшы нерсени адат кылып алуудан да, жаман нерсени адат кылуу жеңилирээк жана тез ишке ашат. Буга эл оозундагы «Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста» деген накыл кеп далил. Күнүбүздүн 40%ы адаттардан турат. Маселе анын канчасы жакшы адат да, канчасы жаман адат? Жаман адаттарыбыздан арыла албай жаткандыктан жашообузда толтура ынгайсыз абалдар болбой койбойт. Анда биз сизге жаман адаттардан арылуунун 10 ыкмасын сунуштайбыз.  Психалогияда бир жаман адатты таштоого 3 айга чейинки эмгек сарыпталаарын айтышат. Андыктан ѳзүңүз менен иштѳѳдѳ сизге сабыр жана ийгилик каалайбыз.

  1. Биринчиден, сизде башкалар айткан же ѳзүңүз баамдап жүргѳн жаман адат бар экендигин моюунга алууңуз керек. Алардын тизмегин түзүңүз. Мисалы: «менин жиним бат келет, керексиз сайттарда чынында кѳп отурам, кѳп сүйлѳйм, керексиз буюмдарды кѳп сатып алам, диета кармай албайм, ичимдик ичем ж.б.у.с» Эгер мойнуңузга албасаңыз аны менен күрѳшѳ албайсыз.
  2. Экинчиден «сенин колуңдан келбейт, эми эмене болмок эле» деген сыяктуу ички жемелѳѳнү же болбосо ѳзүңүздү актоону токтотуңуз.
  3. Жогоруда айтылгандай жаман адатты жоюу 3 айга созулса, ал айларды жумага бѳлүштүрүңүз. «Адаттарымды жеңген сайын жуманын аягында кѳптѳн бери алууну пландап, бирок ала албай жүргѳн нерсемди ѳзүмѳ белек кылам» деп аң сезимиңизге шык бериңиз. Белектердин да тизмесин түзүп коюуңуз. Булар сиз үчүн стимул болсун.
  4. Ар бир күнүңүзгѳ, саатыңызга так план түзүңүз. Боштук сизди жаман адаттарга түртѳт.
  5. Жаман адаттарды жан дүйнѳңүздѳн алып салууда, анын ордун бош калтырбай жакшы адаттар менен толуктаганга аракет кылыңыз. Мындай аракет ѳзүңүз менен иштѳѳдѳ эки эсе жакшы жемишин берет.
  6. Социалдык тармактарга тынымсыз киргенди токтотуп, телевизорду аз кѳрүңүз. Себеби ал жактан алган жагымсыз маалыматтар, сизди жаман ойлорго, стресс абалга алып келет. Мындай абал жаман адаттарды жасоого жол ачат. Мунун ордуна кызыктуу китептерди окуңуз.
  7. Айлана-чѳйрѳңүздү алмаштырыңыз. Жаман адаттар жаман айлана-чѳйрѳдѳн калыптанат. Жакшынын жакшысы, жамандын жаманы жугат.
  8. Денеңизге кѳнүгүүлѳрдү жасаңыз, таза абага чыгып, айлана чѳйрѳгѳ суктаныңыз. Денеге кыймыл киргизип, күч берүү менен кѳптѳгѳн мээдеги, жана денедеги чыңалууларды жазып, жайдары, жеңил абалга келесиз. Жаман адаттар жаман абалдан келип чыгаарын унутпаңыз.
  9. Дагы бир кѳпчүлүк колдонгон ыкмалардын бири «Мен жасайм, бирок бүгүн эмес эртең» ыкмасы. Жаман адаттарыңыз менен коштошуу кыйын болуп жатса, мисалы жѳнү жок шопинг кылуу, ашыкча тамактануу же газдалган суусундук ичүү ж.б. «Мен жасайм, бирок бүгүн эмес эртең» деп эртеңки күнгѳ жылдырып коюуңуз. Эртеси, кийинки күнгѳ. Ошентип күндѳ жылдырып отуруп, күндѳрдү ѳткүрүп жиберсеңиз 5-6 күндѳн кийин сиз каалап жаткан нерсе ѳз актуалдуулугун жоготуп калат.
  10. Жаман адаттарыңыз сизден ыргып чыгаарда, мээңизге автоматтык түрдѳ «жакшы амалдуу адам кандай болуш керек?» деген суроону бергенди үйрѳнүңүз. Дароо жылмайып, сабыр кылып калыңыз. Ар бир сиздин сабырыңыздын берекесин жаратканым жакшы амалдар менен кошо берет. Себеби жараткан сиздин амалдарыңыздын жыйынтыгынан мурда аракеттериңизди кѳрүп сыйлык берет деген ишеничтебиз.

Анда эмесе, жаман адаттар менен иштѳѳ мѳѳнѳтүңүз жемиштүү босун! 

                                                                                 Даярдаган: Анара Токтосунова     

 

 

Бөлүшүңүз:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *