КОЛ СААТ

            Анда мен башталгыч класстын окуучусу элем. Бир күнү досторумдун бирине атасы кымбат-баалу, укмуштуудай көрүнгөн кол саат алып берди. Досум күндө кызыктырып саатын мектепке тагынып келет. “Баарыбыздын менде да ушундай саат болсо” деп, саатты алсак деген эки көзүбүз төрт. Ата-энемдин мындай саат алып берүүгө чамасы жетпейт эле. Бирок бул саат баары бир меники болот деп чечтим да, акырын уурдап алдым. Чөнтөгүмө билгизбей салып койдум. Досум саатын жоготконун байкаган соң, ыйлап аны издей баштады. Таба албай, акыры мугалим агайыбызга барып арызданды. Агайыбыз:
– Ким саатты уурдаса, ээсине кайтарып берсин! – дегенде, элдин баары мени карап жаткандай сезилип, дене боюмду майда калтырак басып, колум тердей баштады. Канчалык уурдаганыма ѳкүнүп турсам да, балдардын алдында ууру атка конуп калбайын деп, кайтарып берүүдөн уялдым. Мугалим башка бир усул колдонду. Баарыбызды класстагы тактанын алдына тизип, көзүңөрдү жумгула деп буйрук берди. Чекеден ар бирибиздин чөнтөгүбүздү аңтарып, саатты таап алды. Аны өз ээсине берген соң, баарыбыз көзүбүздү ачтык. Мугалим мени карабастан, сабагын улантып кетти. Жылдар өтүп, мен да мугалим болдум. Бир күнү ошол агайыма кезигип калдым. Ушунча жылдар бою ойго салып, кыжалат кылган суроого жооп алайын деп агайыма:
-Агай, ошондо саатты мен уурдап алсам да, сиз мени бир жолу болсо да жаман көзүңүз менен карап койгон жоксуз. Унчукпай маселени чечип, сабагыңызды уланттыңыз. Көңүлүмдү ооруткан жоксуз.
Эмне үчүн мындай кылдыңыз эле? Агайым жылмайып:
-Улан, ал күнү саатты силерден кийин мен дагы көзүмдү жумуп алып издегем.- деди.

Түрк тилинен которгон: Нуриет Абдулазиз

Сабак: Бирѳѳнүн абийирин ачканга эмес, жашырганга, кѳрбѳгѳнгѳ ашыгалы.

Бөлүшүңүз:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *