Самат Дѳлѳтбаковдон ийгиликке жетүүгѳ ѳбѳлгѳ болгон 7 эреже

Инстаграм баракчасына Самат Дѳлѳтбаков катталуучуларынын эң кѳп берилген «Ийгиликке кантип жетсе болот? Ийгилигиңиздин сыры эмнеде?»  деген суроосуна жооп берди. Анда Самат мырзанын 7 эрежесин сиз да пайдаланыңыз.

  1. Таң эрте туруу. Канчалык эрте турсак, күнүбүз ошончолук жемиштүү болот. Негизи адам баласына 5-6 саат уктоо жетиштүү. Ѳзүбүздү ошого кѳндүрүү керек.
  2. 1 стакан суу ичүү. Биздин денебиз суу менен азыктангандыктан, уктап турганда организмибизди ойготуу, ишке киргизүү максатында 1 стакан, жакшысы 2 стаканга чейин суу ичүү керек.
  3. Аффирмация айтуу. Каалоо-тилектерди угуу, ѳзүңдү программалаштыруу. Мен индиялык Садхгуру деген йог бар, ошонун ой толгоолорун, кѳз караштарын, ошондой эле биздин ажыкелердин,        молдокелердин сабактарын угуп турам. Сиздер да интернеттен ѳзүңүздѳргѳ жаккан шыктандыруучу сабактарды угуп, күнүңүздү жакшы ой-тилектерди ѳзүңүзгѳ айтуу менен баштаңыз.
  4. Алтын саат. Эртең мененки убакыт «алтын саат» деп аталат. Эртең менен адамдын мээси таза болот да, мээсине кѳптѳгѳн жакшы идеялар келет. Блокнот алып мээңизге келген ойлоруңузду барак бетине түшүрүп, алардын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳп, ишке ашканын белгилеп туруңуз. Жакшы ойлор кагаз бетине түшпѳсѳ унутулуп калат.
  5. Пайдалуу китептерди окуу. Ар дайым жаныңыздарга китеп салып жүрүңүздѳр. Бул менин эң сонун адаттарымдын бири. Ийгиликтүү боло турчу адамга 2 эле нерсе керек экен. Биринчиси ийгиликтүү адамдар менен  баарлашуу, экинчиси пайдалуу китептерди окуу. Күнүнѳ жок дегенде 15 мүнѳт китеп окуңуз. Китеп сиздин акылыңызга акыл кошот.
  6. Эртең мененки машыгуу. Кан айлануу жакшы болуу үчүн моюндарга, муундарга кѳнүгүү жасоо. Эртең мененки машыгуу адамга энергия берет.
  7. Күнүңүздү туура пландоо. Күнүңүздү пландалган иштин эң зарыл жана маанилүүсүнѳн баштоо. Түштѳн кийин жеңил жана майда-чүйдѳ жумуштарды жасоо. Күнүңүздү ыраазы болуу менен жыйынтыктоо.

Shok.kg

Бөлүшүңүз:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *