Атактуулар кайсы китептерди сунушташат?

Нуржигит Кадырбеков, КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары: «Баардык тармакты ѳзүнѳ камтыган «Кут алчу билимди» кайталап окуп турам»

– Жусуп Баласагын атабыздын “Кут алчу билими” эң сонун китеп. Ал жерде биринчиден, ыйман, адеп маселеси, экинчиден астрономия, саясат, экономика бар. Ар бир тармактын адиси кандай болуш керектигин дааналап жазып кеткен. Мисалы: казынаны кармаган адам, падыша, анын вазири, дыйкан, илимпоз, жазуучу, акындардын милдеттери, аракеттери, орду тууралуу абдан жакшы берилген. Баланы тарбиялоо, үй-бүлѳ, түгѳй тандоо кыскасы баардык маселелер камтылган эң сонун чыгарма. Бул китепти жашоого даярдыгы бар, эселек курактан ѳткѳн, дасыккан адам окуса дагы да жакшыраак болот. Мүмкүн болсо котормосун эмес түп нускасын окугула деп сунуштайт элем. Бул китептен тышкары бизнес тармагында япон элинин белгилүү ишкери Коносуке Мацуистанын  “Миссия Бизнеса”, саясат тармагында Сингапурду көтөргөн инсан Ли Куан Юнун “3-дүйнөдөн 1-дүйнөгө” китеби, көркөм адабияттан Александр Дюманын “Учитель фехтования” чыгармаларын  окушса, сѳзсүз жашоосуна керектүү нерселерди ала алышат. Өзүбүздүн жазуучулардан болсо Ч.Айтматов, А.Осмонов, К.Сактанов, Т.Касымбеков аталарыбыздын чыгармаларын абдан баалайм, барктайм.

Нурзат Токтосунова, алып баруучу: «Жети жолу жыгылсак да, сегизинчи жолкусунда туруп кетүү күчтүүлөрдүн сапаты»

– Мен акыркы окуган китебим менен бөлүшкүм келип жатат. Дүйнө жүзүнө белгилүү жазуучу Пауло Коэльонун “Алхимик” китеби болду. Мааниси тууралуу айтсам, сенин каалоолоруң, ошол каалоолоруңдун артынан барганың, кыялыңа кыйынчылыктарга карабай жетүү жана жашоонун негизги маңызы баяндалат. Албетте, бул дүйнөгө эмнеге келдиң? Эмне максатың бар? Жөн эле жаныбарга окшоп, тамак жеп, көбөйүп, эртең менен ойгонуп, кечинде уктоо үчүн келдиңби? Же бул жашоодо адам баласында бир миссия барбы? деген суроолордун айланасында жомок сыяктуу формага салынып жазылган китеп. Андан тышкары адамдын жан дүйнөсүндөгү уйгу-туйгу сезимдерди сууруп чыгып, жеңилүү, жеңишке жетүү, көңүл калуу, сүйүү, баяндалып, жашоонун кыйынчылыктарына, турмуштун ар кандай бут тосууларына карабастан, алдыга умтулуу керектиги жазылган. Жети жолу жыгылсак да, сегизинчи жолкусунда туруп кетүү күчтүүлөрдүн сапаты деген жыйынтыкка келгем. Китеп аябай кызыктуу, баарыңыздарга сунуштайм.

Курал Чокоев, ырчы: «Китеп мага туура ой жүгүртүүнү, туура кадам таштоону үйрѳткѳн»

– Менин башыма оор сыноо келип, ѳзүмдү таштап койгом. Ошондой күндѳрдүн биринде тааныштарым мага Пауло Коэльонун “Алхимик” китебин сунуштап калышты. Бул китепти окуп чыккандан кийин менин жашоого болгон көз карашым жакшы жакка ѳзгѳрдү. Кыйынчылыктар жалгыз менде эле эместигин түшүндүм. Адам баласына келген кыйынчылыктар сыноо экендигин, сыноону жеңсең гана ийгиликтер болоорун түшүнүп, ѳзүмдү колго алып, иш кыла баштагам. Китеп мага туура ой жүгүртүүнү, туура кадам таштоону үйрѳткѳн.

Гүлзат Мамытбек, жеке ишкер, коуч: «Он эсе кѳп» китебин окуган адам, максатына жетмек түгүл учуп кетет»

-Мага өзгөчө таасир берген китеп Грант Кардондун “Он эсе көп” деген китеби. Менин жан дүйнөмдү, өмүрүмдү өзгөрткөн, эң сонун, укмуштуудай китеп. Китептен алган эмоциямды мен сѳз менен айтып жеткире албайм.  Китепте «Он эсе көп максат кой да, он эсе көп иш кыл!” деген ойду берет. Бул китепти окуган адам максаттарына жетмек түгүл учуп кетет. Китептин аудиосун чыгарып коюшуптур. Мен күн сайын угуп жүрөм, сиздерге да сунуштайм.

Даярдаган: Рысмамбет кызы Эркеайым

Бөлүшүңүз:

2 мысли о “Атактуулар кайсы китептерди сунушташат?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *