Кыргыз тилиндеги эң кѳп окулуп жаткан 10 китеп

Учурда ѳлкѳбүздѳ китеп окуган окурмандардын саны күндѳн-күнгѳ ѳсүп, баарыбызды кубандырууда. Буга байма-бай өтүлүп жаткан китеп окуу сынактары жана «Бир адамдан, бир китеп» долбоорунун алкагында аймактарда ачылып жаткан китеп каналар чоң өбөлгө болууда. Анда сиздерге мекенибизде эң кѳп окулуп жаткан 10 китепти сунуштайбыз.

  1. Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхи саламдын ѳмүр баяны, сүннѳттѳрү жана анын сыпаттары баяндалган авторлору ар башка китептер биринчилерден болуп кѳп окулууда. (китептердин аталыштарында кичине айырма бар)

  1. Төлөгөн Касымбеков “Сынган кылыч” китеби. Бул роман кыргыз элинин улуттук тарыхындагы ѳзүнчѳ бир доор – Кокон хандыгы мезгилиндеги элдин коомдук абалын кѳркѳм сүрѳттѳгѳн тарыхый роман.

  1. Көчкөн Сактанов “Маркумдар үнү” китеби. Бул китепте улуу кыргыз сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин өмүр баяны чагылдырылып, ошондой эле кыргыз интеллигенциясына салым кошкон кыргыз акын, жазуучулардын тагдырлары баяндалган.

 

  1. Пауло Коэльонун “Алхимик” китеби. Жашоодогу болуп жаткан кыйынчылыктар, турмуштун ар кандай бут тосууларына карабастан, алдыга умтулуу керектиги жазылган.

  1. Хэл Элроддун “Таңкы убакыттын сыйкыры” китеби. Уйкудан ойгонгондон кийинки биринчи саат, бир күндүн бүткүл ийгилигин аныктаары тууралуу айтылат.

  1. Китами Масаонун “Кылычсыз самурай” китеби. Бул китепте жол башчынын, өзүнүн темирдей бекем эрки, курч акылы, адамдарды терең түшүнө билүүсү, атаандашты доско, душманды өнөктөшкө айландыра алган күчтүү адамдык сапаты, лидерлиги баяндалган.

  1. Хакан Метан “Болор бала” китеби. Азыркы учурда эң курч, татаал көйгөйлөрдүн бири бала тарбиялоо. Тарбия берүүдө мугалимдин, ата-эненин, ошондой эле баланын да жоопкерчиликтери тууралуу кенен маалымат берилген.

  1. Мамбетасан Ибраев “Эмне үчүн китеп окушубуз керек?” китеби.  Китептин сөз жеткис баалуулугу, китеп окуунун ырахаттуулугу тууралуу жазылган.

  1. Нуржигит Кадырбеков “Япон кереметинин сыры” китеби. Экинчи дүйнѳлүк согуштагы талкалануудан кийин, жаратылыш шартынын ыңгайсыздыгына карабай тез убакытта бай ѳлкѳлѳрдүн катарына кошулган япон элинин сырын ачыктаган чыгарма.

 

  1. Гектор Гарсия, Франческ Мираллес “Икигай” китеби. Узак жана бактылуу жашоонун сырларын билгиси келгендер үчүн арналат.

Даярдаган: Рысмамбет кызы Эркеайым

Бөлүшүңүз:

6 мыслей о “Кыргыз тилиндеги эң кѳп окулуп жаткан 10 китеп

    • Шок.kg сказал:

      инстаграмдан данек китеп дукону деп издесениз ошол жактан аласыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *