Атактуулардын кѳз карашында Кыргызстан эмнеге муктаж?

Шайлообек Дүйшеев, кыргыз эл акыны: “Ѳз тилибизде сүйлѳѳгѳ жана сүйлѳтүүгѳ муктажбыз.  

– Кыргызстан азыркы учурда көп нерсеге суусап, муктаж болуп жаткан учуру. Алардын ичинен эң маанилүүсү өзүбүздүн эне тилибиз. Ар бир кыргыз өзүнүн тилинде сүйлөшү керек. Өз тилиңде сүйлөбөсөң, ким сенин тилиңде сүйлѳйт да, сыйлайт. Бул нерсе оорчунду маселе, тилибизди таза сактап калуу үчүн ар бирибиз күрѳшүүбүз керек.

 

Айжан Акылбекова, коомдук ишмер: “Кудайдан коркуп, адамзатка ак кызмат кылган чын ыкластуу адамдарга муктажбыз.”

–  Коом оорулуу. Анын шыпаасын издөө керек. Ар ким өз ордун билуу зарыл. Ар ким өз билемдигин кылган баш-аламан эркиндик болуп калды. Эл айтсын үчүн 5 диплом алгандар эмес, Кудайдан коркуп, адамзатка ак кызмат кылган чын ыкластуу, билимдүү, чыныгы билимдуу,  адамдарга муктажбыз.

Нурсултан Майназаров, алып баруучу: “Мамлекетибиз билимдүү, адеп-ахлактуу, инсандарга муктаж.”

– Эң негизгиси акыл-эс, адеп-ахлак жагынан өсүп, илим-билим жаатында өнүгүшүбүз керек. Өзүнүн кесибинин мыкты адиси болгон, жүрөгүндө атуулдук сезими бар, мамлекет үчүн ак дилден кызмат кылам деген, карапайым элибиздин таламын талашкан өкүлдөргө муктажбыз. Бирөөнүн акысын жебейин деген адеп-ахлактуу инсандар болсо эле, биздин эртеңки күнүбүз кең келечектүү болот.

Назира Айтбекова, алып баруучу: “Бир багытты көздөп, бир муштумдай түйүлсөк, көптөгөн ийгиликтерди багындырабыз.”

– Мага Кыргызстандын учурдагы абалы И.А.Крыловтун “Лебедь, Щука и Рак” уламышы сыяктуу, ар кимибиз өз кѳмѳчүбүзгѳ күл тартып жаткандай эле туюла берет. Бул нерсе бизди көп нерседен артта калтырып жаткан сыяктуу. Андыктан, биз күчтүү лидерге, мекенди алдыга сүйрөй турчу парламентке,  соттук реформага, көптөгөн жакшы мыйзамдарыбыз бар алардын аткарылышына, коррупцияларга бөгөт коюуга жана таза шайлоого муктаж болуп жаткан учурубуз. Бир багытты көздөп, бир муштумдай түйүлүп, “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” бир идеологияны кубалап, бир максатты көздөй турган болсок, көптөгөн ийгиликтерди багындырабыз деп ишенем.

Даярдаган: Рысмамбет кызы Эркайым 

 

Урматтуу окурман сиздин оюуңуз да биз үчүн ѳтѳ маанилүү. Андыктан, бул макаланы улай комментарийге ѳз оюуңузду калтырыңыз. Муктаждыктарды угуп тим болбостон кимдин колунан эмне келсе, ѳлкѳбүздүн ѳнүгүшүнѳ салым кошолу…

Shok.kg

Бөлүшүңүз:

2 мысли о “Атактуулардын кѳз карашында Кыргызстан эмнеге муктаж?

  1. Азатбек сказал:

    Кыргызстан азыркы учурда чын дили менен жүрөгү “Кыргызстан” деп соккон, жаш илимдүү, билимдүү, руханий дарамети жогору мыкты лидер жаштарга суусап турган учуру

    • Шок.kg сказал:

      Рахмат сизге, туура айтасыз. Кайдыгер карабай пикиринизди билдиргендигинизге ыраазыбыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *