ЧАЙКООЧУЛУК ДИПЛОМАТИЯСЫ

 
Күндөрдүн биринде атактуу Генри Киссинджерден:
-“Чайкоочулук дипломатиясы” деген эмне?- деп сурашты.
-О, бул жөөттөрдүн универсалдуу ыкмасы да! Бир мисал келтирейин. Мисалга алсак, сиз орус кыштагындагы бир балага чайкоочулук дипломатиясын колдонуп Рокфеллердин кызын алып берейин дейсиз.
-Кантип эле?
-Жөпжөнөкөй! Бир орус кыштагына барамын, ал жерден бир орус баланы тапкан соң:
-Америкалык жөөт кызга үйлөнгүң келеби? – деймин.
Ал болсо:
-Эмне кылам жөөттөрдү, өзүбүздүн кыздар турганда,- дейт.
– Бирок ал миллиардердин кызы да, – десем.
-Анда башка кеп,- деп макулдугун берет.
Андан соң Швейцарияга жол тартам, банктын кеңешме отурумуна барып:
-Силер банктын президенти катары сибирдик бир айылдыкты көргүңөр келеби?- деп сурайм.
-Коюңузчу ай!-деп жооп беришет.
-Бирок ал Рокфеллердин күйөө баласы болсочу, – деп сунуштайм.
-Анда башка кеп, – деп макулдугун беришет.
Банктан чыгып, Рокфеллердин үйүнө барам:
-Бир орус баланы күйөө бала кылып албайсызбы?-деп сунуштайм.
-Коюңузчу ай, биздин үй бүлөнүн мүчөлөрүнүн баары финансист эмеспи,- деп жооп берет.
-Ал деле финансист, швейцариялык банктын президенти!
-Анда башка кеп! Сюзи, кел бери, кызым! Мисттер Киссинджер сага күйөө таап коюптур. Болгондо да швейцариялык банктын башчысы экен.
-Коюңузчу, атаке. Баардык финансистер алсыз кызтекелер да,- деп жооп берет Сюзи.
– Бирок ал сибирдин токоюнда чоңойгон жигит!
-Аааа, анда башка кеп!

Которгон: Нуриет Абдулазиз

Бөлүшүңүз:

Одна мысль о “ЧАЙКООЧУЛУК ДИПЛОМАТИЯСЫ

  1. Жолдошбек сказал:

    “Чайкоочулук дипломатияны” эл аралык термин менен эмне деп атап журушот? Балким мага тааныш создур?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *