ДУБАНЫН КҮЧҮ

       Ишан Хусейни аттуу Пакистандык доктур эл аралык бир конференцияга катышуу үчүн сапарга чыгат.Отурган учагы аба-ырайы начарлап, чагылган тийгендигинен улам эң жакын аба майданына конууга мажбур болот. Мындан кийинки учак 16 сааттан кийин гана учаарын уккан доктур абдан ачууланып: “Мен ал конференцияга сөзсүз катышышым керек, 16 саат күтө албаймын” деп бакыра баштайт. Аба майданынын кызматкерлери бара турган шаар жеңил унаа менен 6 саатта жете турган аралыкта экендигин жана кааласа ижарага унаа алып, жетишип калаарын айтып кеңеш беришет. Бир унааны ижарага алып, жолго чыгат.  Токтобогон жамгырдан улам жолдордун көбүн сел алып кеткениндиктен акыры бир айылдын четине токтогонго мажбур болот. Жолдун боюнда бир кичинекей үйдү көрүп, анын эшигин тыкылдатат. Эшикти улгайып калган бир кемпир ачат.
-Телефонуңузду берип турасызбы? – деген доктурдун кайрылуусуна аял жылмайып:
-Балам кайдагы телефонду айтасың, бул жерде жадагалса электр жарыгы да жок. Андан көрө жамгырда сыртта турбай, ичкери кир. Курганып, ысык чай ич, эс алган соң карап көрөсүн айласын, – деп жооп берет.
Башка чарасы калбаган доктур айласыз үйгө кирип, кемпирдин ысык чайын ичип, отуруп калат. Ал эми бул убакта кемпир намазын окуп болгон соң, колун жайып көпкө дуба кылат. Үйдүн бир бурчунда бешикте кичинекей бала эч бир кыймылсыз жатканын байкаган доктур:
-Энеке, бул бешиктеги бала кимиңиз болот? Деги тынчылыкпы, көпкө ыйлап дуба кылдыңыз? – деп кайрылат.
-Бул атадан да, энесинен да жетим калган неберем. Жаман бир оору менен ооруйт, айланадагы дарыгерлердин күчү жетпей койду. Ишан Хусейни деген бир доктур бар имиш, ошол гана бир айласын таба алат дешти. Бирок ал бизден алыс экен, ошондуктан Кудайга дуба кылып, бул бечаранын иши оңунан чыксын деп жалбарып жатам.
Муну уккан доктур Хусейни көзүнө жаш алып:
-Туруңуз, энеке! Аллах сиздин дубаңызды кабыл кылды. Сиздин дубаңыз чагылганды учакка тийгизип, жолдорду сел алдыртты жана акыр аягында бутуңуздун астына мени алып келип койду. Доктур Ишан Хусейни деген менмин, – деп айтат.
Айласыз жана чарасыз калганда Жараткан Аллахка жалбарып дуба кылыңыз, Ал албетте сизге бир жол ачат.

Которгон: Нуриет Абдулазиз 

Бөлүшүңүз:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *