Орозо айын кандай пландоо керек?


        Орозо кармоо – денебизди ачкачылыкта гана кармоо эмес, рухубузду тазалоо жана ага рух азыгын берүү болуп эсептелет. Андыктан орозо айын колубуздан келишинче берекелүү ѳткѳргѳнгѳ аракет кылуубуз зарыл. Сиздерге сиздер билген гана пайдалуу кеңешти эсиңиздерге салып коюуну туура кѳрдүм.

1. План түзүү. Ар бир ишти план менен баштоо керек болгондой эле орозо айы берекелүү болуусу үчүн план түзүп алыңыз. План түзүү сиздин напсиңизди чылбырлап, атайын тизмектелген иштер менен алектенүүңүзгѳ түрткү берет. Планы жок иш ар дайым пайдасыз жана жаман адаттар менен коштолуусу бышык. Планыңызда бекем болууңузга сизге күчтүү эрк каалайм!

2. Кечирим суроо. Планыңыздын биринчи бѳлүгүнѳ “кечирим суроо” деп баса белгилеп жазыңыз. Улуу айда аткарган ибадаттарыңыздын кабыл болуусу, ѳзүңүздү жакшы абалда сезүү үчүн, жакындарыңыздан, айланаңыздагылардан кечирим сурап, алардын ыраазычылыгын алыңыз. Ѳзүңүз да баардыгын кечириңиз. Кечиримдүүлүк улуулуктун белгиси. Кечирим суроодо чечкиндүүлүктү каалайм!

3. Окуу. Куран окуганды билсеңиз куран хатым кылган (куран түшүрүү) тайпаларына кошулуп куран хатым кылып, тилек тилеңиз. Диний багыттагы китептерден окуңуз. Ислам тарыхы, Пайгамбарлардын ѳмүр таржымалы менен таанышып чыгыңыз. Ѳрнѳктүү адамдардын ѳмүр баяны сиздин ыйманыңыздын дагы да бекемдешине жана жашооңузга чоң ѳрнѳк болушуна таасирин тийгизет. Окуу менен алектенүүдѳ сизге сабырдуулукту каалайм!

4. Жаттоо. Куран, сүрѳ, дуба жаттаңыз. Балдарыңызга да жаттатыңыз. Аларды ибадаттарыңызда пайдаланып ѳлкѳ үчүн, ѳзүңүз үчүн, болуп жаткан кырдаал үчүн тилек тилеңиз. Дубаларыңыздын кабыл болушун каалайм!

5. Намаз. Намаздарыңызды ѳз учурунда окуп, 5 маалкы намаз менен гана чектелип калбастан каза намаздарыңызды да кошуп окууну планыңызга киргизиңиз. Орозо айында бир канча каза намазды окууну ниет кылып, аларды аткарууга ѳзүңүзгѳ сѳз бериңиз. Ошондой эле нафил намаздарды да эсиңизден чыгарбаңыз. Таравих намазын окуңуз. Намаздарыңызда бекем болууңузду каалайм!

6. Зикир. Күнүңүздѳгү пландалган иштердин аралыгында басып туруп зикир чалыңыз. Күнүңүз боштуктар менен ѳтпѳшүн каалайм!

7. Ооз ачыруу. Учурдагы абалга, карантинге байланыштуу үйүңүзгѳ чакырып ооз ачыра албайсыз. Ошондой болсо да мунун ыгын тапсаңыз болот. Кантип? Колуңуздан келген тамакты жасап, ооз ачаар маалында кошуналарыңызга таратып, жеткирип берүү. Ооз ачыруу менен сиз анын жообун күтпѳңүз. Баардыгы жараткандын ыраазычылыгы үчүн болсун! Сизге берешендикти каалайм!

8. Зекет берүү. Парз болгон зекетти мүмкүнчүлүгүңүз болушунча орозо айы башталаары менен берсеңиз, жакшыраак болот. Сиздин колдон жеңил жана чын ниеттен, шашылып чыккан зекет дагы да сооптураак болоорун эсиңизден чыгарбаңыз. Берген колуңузга берекелүүлүктү каалайм!

9. Белек. Белек берүү сүннѳтүн жандандырып, аткарып колуңуздан эмне келсе ошону белек кылууга ашыгыңыз. Бирѳѳнүн кѳңүлүн алуу менен айланаңызга сүйүүнү, мээримди толтуруңуз. Белек берүү бул – сүннѳт. Белек берүү сүйүүнү арттырат. Сизге чексиз сүйүү каалайм!

10.Үйдү кооздоо. Орозо айынын шаңы үйүңүздѳ билинип туруу үчүн кичине болсо да кооздуктар менен майрамдык атмосфера жаратып кооздоп коюуңуз. Чыгармачылык ийгилик каалайм!

11. Тамактануу. Ооз ачаарга жеңил, сиңимдүү, ооз жабаарга ток кармоочу берекелүү тамак-аштардын тизмегин түзүп алып жакшы маанайда жасап жеңиздер. Тамагыңыздар аш болушун каалайм!

        Урматтуу мусулман бир туугандар кармаган орозоңуздар кабыл болуп, баардык ой-тилектериңиздер орундалсын. Карантин менен биргеликте ѳтүп жаткан орозо айы ѳзгѳчѳ мүмкүнчүлүктѳргѳ ээ деп ишенем. Андыктан Жараткандын мээримине бѳлѳнүп, ар бир пландалган ибадаттарыңыздар убагында аткарылып, берекелүү 30 күн жана берекелүү жылдардан болушун каалайм.

Урматым менен Анара Токтосунова

Эскертүү. Учурдагы кырдаалга байланыштуу устаздар онлайн сабактарды ѳткѳрүп туруу пландалганын кабарлашты. Сабактар инстаграм, фейзбук баракчаларында ѳтѳт. Ѳтүү убактылары жана даректери сайттын инстаграм @shok_kg_official баракчасына жүктѳлүп турат. Мындан тышкары 30 күн бою,  ооз ачаарга 30 мүнѳт калганда, азан айтылганга чейин КТРКда күн сайын сабактар болот. Интернет айдыңында да орозо кармооңузду, убакытты бекер ѳткѳрбѳѳңүздү каалайм! Керексиз маалыматтардан алыс болуңуз! Убактыңызды  уурдатпаңыз!

Бөлүшүңүз:

Одна мысль о “Орозо айын кандай пландоо керек?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *