Рамазан айы эмне себептен 12 айдын султаны деп аталат?


        Жалпыбызды чыдамсыздык менен күттүрүп жаткан он эки айдын султаны болгон Улуу Рамазан айы да кирип келип калды. Рамазан “рамад” деген сѳздѳн алынган.“Рамад” – “таштарды күйгүзүп жок кылат” дегенди түшүндүрѳт. Ал эми “Рамазан” – “күнѳѳлѳрдү күйгүзүп жок кылат” деген маанини билдирет. Демек, бул айда орозо кармап, Жараткандан анын кечиримин сурасак бул улуу айда күнѳѳлѳрүбүз күйүп жок болот дегендик. Рамазан айын 12 айдын султаны кылган 6 негиз бар.
Алар:
1. Куран ушул айда түшүрүлгѳн.
2. Кадыр түндүн болушу. 1 кадыр түн тосуу 80 жылдык ибадатка барабар.
3. Орозонун парз кылынгандыгы.
4. Фитр-садаканын ѳкүмүнүн важиб болуусу.
5. Таравих намазы. Тахажжуд намазы же түнкү намаз. Куптан намазынан кийин таң атканга чейин окула турган намаз. Ошол эле тахажжуд намазы Рамазан айында окулгандыгы үчүн таравих намазы деп аталып калган.
6. Итикаф күндѳрүнүн болуусу. Орозонун акыркы 10 күнүндѳ дүйнѳдѳн бѳлүнүп, Жараткан менен бирге болуу. 10 күн баардык ишти токтотуп жалгыз ибадат менен алектенүү.

Орозонун биринчи 10 күндүгү Аллахтын мээриминин ырахаты, экинчи 10 күндүгү кечиримдүүлүгү, үчүнчү 10 күндүгү тозок отунан кутултуу күндѳрү болуп бѳлүнѳт.

Бөлүшүңүз:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *