Каакымдын мезгили келди, пайдаланып калыңыз! Каакымдын пайдалуу касиеттери

       Каакым элдик медицинада кеңири колдонулуп жүргѳн ѳсүмдүктѳрдүн бири. Бул ѳсүмдүктѳ калий, магний, жез, темир жана А, С, В витаминдери бар. Каакымдын жакшы бышкан мезгили май айы. Анын гүлүн, сабагын, жалбырагын, тамырын баарын бирдей пайдаланса болот.

• Гүлүнѳн кыям, шире, дарылык жана арыктоо үчүн тундурма жасалат.
• Жалбырагын, сабагын башка жашылчаларга кошуп салат жасап, ошондой эле шорпого кошуп жесе да болот. Колдонуудан мурда туздуу сууга чайкап алуу керек.
• Тамырынан кофенин ордун баса турчу чай даярдоого мүмкүн. Каакымдын тамырын апрелдин аягында же август айында чогултуу пайдалуу.

Ден соолукка тийгизген таасири:
• Табитти ачып, зат алмашууларды жакшыртат.
• Организмден токсиндерди чыгарып, тазалайт.
• Нерв системасын бекемдейт, ѳнѳкѳт чарчоонун алдын алат.
• Сѳѳк жана тери ооруларын айыктырат.
• Курт-кумурскалар чагып алса, уусун чыгарууга миңдин бири.
• Ич катуу ооруларына тийгизген пайдасы зор.
• Тери жана муун ооруларына табылгыс дарылардын бири.
• Паразиттердин алдын алат.
• Гемоглобинди жогорулатат.

(Биздин сайтка баш багып туруңуз, алдыда сиздер үчүн каакым менен даярдалуучу рецептерди сунуштайбыз)

Бөлүшүңүз:

7 мыслей о “Каакымдын мезгили келди, пайдаланып калыңыз! Каакымдын пайдалуу касиеттери

  1. Бактыгул сказал:

    Рахмат копбуроок кенеш берсениз угуп пайдаланалы озубуздун дары чопторду кызыма жардам берин туну жанылат

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *