Каакымдан бал кантип жасалат? Ден соолук, сулуулук, арыктоо үчүн рецептер

Арыктоо үчүн:
• Эки чоң кашык каакымдын тамырына 200 грамм кайнак суу куюуп, 15 мүнѳт кайнатуу керек. Андан соң 4 саат тыныктырып, тѳрт сааттан кийин тундурманы тамакка чейин жарым саат мурун бир күндѳ үч маал ичилет. Муну 10 күн ичүү сунушталат.

• Ошондой эле жалбырагы да арыктоого жана авитаминозго миңдин бири десек болот. Каакымдын жалбырагында С жана Е витаминдери, ошондой эле магний, йод, белок, углевод, фосфор, каротин элементтери бар. Жалбырагынын ачуу даамы адамдын чымыр, чыйрак арыктоосуна чоң жардам берет. Бирок ошондой болсо да жалбырактын ѳзүн ачуу бойдон жеш ѳтѳ кыйын. Ошондуктан аны туздуу сууга 30 мүнѳт салып койсо, ачуу даамы азаят. Жалбырагын баардык эле жашылча салаттарына аралаштырып, болбосо ѳзүн деле жей берсе болот.


Сулуулук үчүн:
• Каакымдын гүлүнѳн бир нече баш алып, ага аралаша турганга ылайыктап айран кошуп блендер менен бүртүгү жок болуп калганча чалынат. Аны таза жуулган бетке 25-30 мүнѳт коюу керек. Андан соң жылуу суу менен жуу зарыл. Бул маска бетти жумшак кылып гана койбостон сезгенүүлѳрдү дарылоодо да жакшы таасирин тийгизет. Масканы жумасына 3 жолу коюуга болот.

• Кургатылган каакымды улпак кылып майдалап, андан соң аны ар кандай жол менен пайдаланса болот. Мисалы шампунга кошуп чачка маска кылып жапса болот. Бул чачтын түшүүсүн токтотуп, учунун ачакей болуусунан сактайт. Ошондой эле колдонуп жаткан бет майга аралаштырып бетке маска жапса тери оруларына жакшы.

Ден соолук үчүн:
• Кургатылган 1 чай кашык каакымдын жалбырагы менен гүлүнүн улпагын 100-120 гр кайнак сууга салып 2 мүнѳт кайнатуу керек. Андан соң 30 мүнѳт муздатып, күнүнѳ тамактанууга 30 мүнѳт калганда 3 маал ичилет. Бул ичтин кѳбүүсүнѳ, ич катууга, геморройго, кант диабетине, уйкусуздукка жардам берет.

• Тамак ичүүгѳ болгон табитиңиз жогорулап кеткенде жана канды тазалоодо тѳмѳндѳгү рецепт сунушталат. 10 жаңы каакымдын тамырын 200 грамм кайнак сууга 10 мүнѳт демдеп коюу керек. Муздагандан кийин 50 граммдан 3 маал ичсе болот.

Каакымдан бал кантип жасалат?

200 баш каакымдын сары гүлүн терип, ага 0,5 литр муздак суу куюуп, ага бир лимондун ширесин кошуп, 20-25 мүнѳт кайнатуу керек. Кайнагандан соң сүзгүл менен сары гүлдѳрүн сүзүп салуу шарт. Тундурмага 600 грамм шекерди салып, жай отко 30-40 мүнѳт кайнатылат. Муздагандан кийин банкаларга куюуп, пайдалана берсе болот.

Даярдаган: Анара Токтосунова

Унутчааксызбы? Каакым менен дарыланыңыз!

Бөлүшүңүз:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *