Ѳзүн-ѳзү ѳнүктүрүү – ѳзүңѳ карай жолдон башталат

Ийгиликке жол – ѳзүңѳ карай жолдон, ѳзүңдү таануудан башталат. Адам баласы ѳзүнүн ким экендигин тааныбагандыктан, мүнѳзү, табити, каалоосу туура келбеген жактарга башын салып, жашоонун ырахатын сезбей, ар дайым нааразы болгондун үстүндѳ жашагандыктан жашоодо ийгилик жарата албайт. Ѳзүн таанууда, кесип тандоодо эмнелерге кѳңүл бѳлүү керек? Калемсапты, күндѳлүктү алыңыз да жазууну баштаңыз.
Кадам-кадам менен ѳнүгүү:

1. Мен киммин?
Сиздин учурдагы психикалык, физикалык, моралдык, материалдык абалыңыз кандай? Аныктама бериңиз. Учурдагы абалыңыз сизди канааттандырабы? Канааттандырса “азаматсыз!” ошондой болсо да, дагы да абалыңызды бекемдеп алыңыз. Бул макалага баш багып калгандыгыңыз демек, сиз ѳзүңүздү ѳнүктүрүү үчүн аракет кылып жаткан адамдардын катарындасыз деп ишенем. Ийгилик каалайм!

2. Мен эмнени каалайм?
Сиз кыялданган жашоо. Сиз кандай жашоону каалайсыз? Кандай чѳйрѳдѳ жүрүүнү, кимдер менен баарлашууну жактырасыз? Канча маянага же канча кирешеге ыраазы болосуз? Кандай үйдѳ жашагыңыз келет? Бул суроолорду берип жаткандыгымдын себеби, мисалы, айына 50 миң сомдук маянаны каалайт, бирок кесип, тандоодо айлык маянасы 10-15 000 сом экени анык болгон кесипти тандап алат. Мындай адашууларга жол бербѳѳ керек.

3. Мен эмнеге жѳндѳмдүүмүн жана эмнеге кызыгам?
Эмнеге жѳндѳмдүү болсоңуз, жѳндѳмүңүзгѳ жараша кесип, жумуш тандасаңыз сиз кѳбүрѳѳк ийгилик жаратасыз. Ийгилик жаратуу сизге сѳзсүз кызыгуу, позитив жана кѳбүрѳѳк киреше алып келет. Себеби коомду канчалаган дипломдорду алгандар эмес жүндѳмдүүлѳр башкарып жатат. Муну эске алыңыз. Жѳндѳмүңүзгѳ жараша тандалган жумуш, кесип ошол эле учурда сизге кызыгууну жараткан иш болуусу зарыл.Ийгиликтин ачкычы бул – кызыгуу. Кызыгуусу күчтүү адам кандай тоскоолдук болсо да кѳздѳгѳн максатына жетет. Ошондой эле кызыккан жумушуңдан эч качан чарчабайсың, болгону ырахат гана аласың. Бул жерге балким сиз жѳндѳмдѳрүңүз менен хоббилериңиздин бир нече, балким 20-30 тизмегин түзүп кѳрүңүз. Аларды иргеп, колуңуздан келсе экѳѳнүн айкалышкан багытын тандап алсаңыз жакшы болот.

4. Мен ѳзүмдү ѳнүктүрүүдѳ эмнеден корком?
Жумушуңузду таштап, ѳзүңүздүн кыялыңызды орундатууданбы? Балким убактылуу жашаганга жетип жаткан маянаңыздан кол жууп каалууданбы? “Эл эмне дейт?” деген сырткы адамдардын ой пикириненби? Ата-энеңиз диплом алып берүүгѳ короткон акчасын текке кетирүүдѳнбү же ѳзүңүздүн короткон убактыңызданбы? ж.б. ушул сыяктуу суроолор сизди коркутуп жатабы? Эгер сиз ушул суроолордун алдында калган болсоңуз, жогорудагы үч суроого жооп тапкандан кийин, сиз сырткы коркунучту жеңүү үчүн ѳзүңүздү ѳнүктүрүүгѳ бет алышыңыз керек. Ѳзүн-ѳзү ѳнүктүрүү – ѳзүнѳ карай жолдон башталат десек, эми ѳзүн-ѳзү таануу – ѳзүн-ѳзү ѳнүктүрүүгѳ жол ачат деп жыйынтыктагым келип турат.

Мотивация жана сунуштоо: Сиз коркпоңуз, ийгилик жараткан инсандар бул коркунучтун баарын башынан ѳткѳрүп, жеңген адамдар. Алардын катарында мен да бармын. Окурманым, ѳзүмдү укмуш ийгиликтүүмүн деп айтуудан алысмын, бирок бир кездеги тандоолорума, бүгүн ыраазы болгондордун катарындамын. Мен да 10 жыл мурун 15 миңдик маяналуу жумушумду таштап, 3 миң сомдук батирден дароо 10 миң сомдук батирге кѳчүп, ошол эле учурда жумушумду таштоо менен батирдин акчасын кантип тѳлѳйм деп кабатырланбай эрдик кылган бирѳѳмүн. Учурда ѳзүбүздүн үйүбүздѳ жашайбыз. Сизге жыйынтыкты айтыкым келди. Сиз окуп жаткандын бары жеке практикаман. Мен туура чечим чыгарган күн агым менен багытты туура түшүнгѳн күнүм деп айтат элем. Сиз эч качан ѳлгѳн балык сыяктуу агым менен аккан эмес, тирүү балыктай агымга каршы сүзгѳн балык болуңуз! Багытыңызды таап бактылуу болуңуз! Сизге бул макаланын алдына биздин сайтка жүктѳлгѳн, окуй турган тиркемелерди калтырып коём. Мындан тышкары биздин сайтты акмалап турсаңыз ѳзүм жасаган кадамдар жѳнүндѳ кенен айтып берем. Бирге ѳнүгѳлү, убакытыңызды коротуп кѳңүл бѳлгѳнүңүз үчүн чоң РАХМАТ!

Анара Токтосунова

Менден дагы кандай макалаларды күтѳсүз, комментарийге калтырып коюуңуз!

ЫРААЗЫЧЫЛЫКТЫН СЫРЫ

МАКСАТ ЖАНА АГА ЖЕТҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

МАКСАТЫҢЫЗДЫ ОРУНДАТА ТУРЧУ 12 ЫКМА

Кантип туура жашаш керек?

ПЛАНЫ ЖОК ЖАНА ПЛАН МЕНЕН ИШТӨӨНҮН 12 АЙЫРМАСЫ

Бөлүшүңүз:

Одна мысль о “Ѳзүн-ѳзү ѳнүктүрүү – ѳзүңѳ карай жолдон башталат

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *