Саламаттын сактыгына кам кѳргѳн – сабиз

Саламаттын сактыгына кам кѳргѳн – сабиз

Курамындагы витаминдер

Сабиз – жашылчалардын ичинен эӊ витаминге бай жегиликтүү, ширелүү жашылча. Бул жашылчада сулуулуктун, узак жашоонун, жаштыктын сырлары катылган. Бир да жашылча, жер жемиште мынчалык кѳп витамин жок. Сабиз организмге керектүү С, Д, Е, В жана башка жашылчаларда сейрек кездешкен А витаминине ээ, андан тышкары курамында калий, кальций, темир, фосфор, йод, магний, марганец бар. Ошондой эле минералдык сууга жана организмге керектүү майдан да кур эмес. Баарынан кызыгы, сабизди бууга бышырып консервалап койсо да витаминин жоготпойт. Ал тургай батыш кесипкѳйлѳрү анын чийки кезинен дагы бууга бышырылгандан жана консервалангандан бир жумадан кийинки абалындагы калориянын жана витаминдин пайызы 34% пайызга жогорулап калганын байкашкан.

Элдик медицинада

  • Сабизди элдик медицинада да байма-бай колдонуп жүрүшѳт. Дарылык үчүн анын чийки, жаӊы кезин пайдалануу керек. Андан сок, болбосо салат жасап жесе абдан пайдалуу.
  • Сабиз тулку бойго күч кубат берет, андан тышкары канды тазалап организмдеги жаман заттарды сыртка чыгарып, ички органдардын активдүүлүгүн жогорулатат, сабизди пайдалануу авитаминоздон жана аз кандуулуктан арылтат.
  • Сабиз клеткалардагы кычкылтекти активдештирет жана калыбына келтирет. Бойдун ѳсүшүн жѳнгѳ салып, рак оорусунун алдын алат.
  • Жүрѳк кан тамырынын согушун, атеросклерозду жана кан басымдын жогорулап кетүүсүн жакшыртат.
  • Сабиздин ширеси боорду тазалоого жана бѳйрѳктѳгү майда кумдарды жок кылууга, ошондой эле ички органдардын бузулушун калыбына келтирүүгѳ жѳндѳмдүү.
  • Углеводдордун алмашуусун, табиттин жогорулашын, ич катууну жайына келтирет.
  • Ангинада, тиштин бүлѳлѳрдүн сезгенүүсүндѳ балга аралашылган сабиздин ширеси менен оозду, тамакты чайкоо да ѳтѳ натыйжалуу.

Эскертүү:

Ашказан жарасына, ичке жана он эки эли ичеги ооруларына сунушталбайт. Сабизди жана сабиздин ширесин күндѳ басып-туруп пайдалануу да болбойт. Себеби тынымсыз пайдалануу алаканга сары түстү пайда кылат, бул А витаминдин кѳп болуп кеткенинен организм сиӊире албай организмде витаминдер талашы, согушу болуп жатканынын белгиси. Бул кѳбүнчѳ жаш балдарда кездешет. 

Сулуулук үчүн:

  • Сулуулук үчүн да сабиздин ѳтѳ чоӊ касиети бар. Себеби андагы А жана Е витаминдери сулуулуктун эӊ жакшы табылгасы.

Бардык түрдѳгү тери үчүн маска:

  • Тууралып, эзилген сабизди бир чоӊ кашык сүткѳ аралаштырасыз. Даяр болгон боткону бетиӊизди таза жууп туруп жука жана текши кылып жабыӊыз. 20 мүнѳт ѳткѳн соӊ жылуу суу менен жууп салыӊыз. Бетиӊиз жылмакай жана жумшак болуп жагымдуу болуп калат.
  •  2 даана ачык түстѳгү эзилген сабизге, бир жумуртканын сарысын жана бир нече тамчы ѳсүмдүк майын аралаштырасыз. Даяр болгон масканы бетиӊизге жана мойнуӊузга жука кылып жаап, 15-20 мүнѳттѳн кийин жууп салыӊыз. Бул да сулуулук үчүн жакшы натыйжасын берет. 

Кургак тери үчүн маска:

  • 2-3 даана сабизди сууга бышырып, эзип, бал менен аралаштырасыз. Даяр болгон масканы жука кылып 10-20 мүнѳт бетиӊизге жаап, убакыттын ѳтүшү менен жылуу суу менен жууп салыӊыз.
  • Бир чай кашык сабиздин ширесине, бир чай кашык быштак жана каймак кошуп аралаштырасыз. Аралашкан боткону 20 мүнѳт бетиӊизге жаап, жылуу суу менен жууӊуз.

Майлуу тери үчүн:

  • Сабиздин ширесине марляны чылап, андан соӊ аны чала сыгып туруп бетиӊизге жана мойнуӊузга жабасыз. Бул ыкманы жумасына 2-3 жолу кайталасаӊыз, бетиӊиз текши күйүк (загар) алып, жагымдуу болуп калат.

Даярдаган: Анара Токтосунова

 

 

Бөлүшүңүз:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *