Ийгиликтүү адамдар убактыларын коротпой турган көрүнүштөр

 

1. Адамдар менен талашып-тартышуу.
Мындай талаштан акыйкат, сын-пикир же жаңы идея эмес, бир гана баш оору келип чыгаарын жакшы түшүнүшөт.

2. Түнкү эрмек. Эгер түнкү саат 12ден кийин маанилүү иши болбосо, алар телефон чукулап же видеолорду көрүп жатышпайт. Алар, шайдоот абалда эрте туруу үчүн жакшылап эс алганга аракет кылышат.

3. Талаш-тартыш жаралса, кыйкырышып, күч колдонуп чечүүгө аракет кылышпайт. Негатив менен эч качан жеңүү мүмкүн эместигин жакшы билишет. Ошондуктан, мисалдар, фактылар менен түшүндүрүү жолун тандашат.

4. Башкаларга окшойм деп чыгымдарга барышпайт. Мисалы, эл сыяктуу автоунаа алышым керек деп акчасын чачпайт. Зарылчылык жаралган учурда гана алышат.

5. Эч бир адамга таарынбайт. Кечирип коюп, андан сабак алып алдыга жыла берүү – ийгиликтүүлөрдүн адаты. Таарынычтар – ашыкча негативдерге жана туура эмес ойлорго түртөт. Пайдасы жок, зыяны көп ишти кылуу кимге пайда?

6. Башкаларга өз кызыкчылыктарын таңуулашпайт. Таӊуулагандын ордуна кеӊешип, сунуш кылганды жактырышат.

7. Ийгиликтүүлөр башкалардын түшүнүгүнөн, ойлорунан, көз караштарынан эркин. Алардын, ар бир маселеде жеке ойлору бар. Эл эмне дейт деген түшүнүктөн толук арылышкан. 

8. Бекер эле убадаларды беришпейт. Алар, сөзгө турбагандык кадыр-баркты, урмат-сыйды кетирээрин жакшы түшүнүшөт.

9. Арызданып, ыйлакташпайт. Мындай кылуу оң таасир бербей турган бекер иш экенин билишет. Андан көрө маселени чечүүгө аракет жумшоо туура чечим дешет.

10. Ушак. Ийгиликтүү инсандар бирөөлөрдү талкуулап убактыларын жөнү жок коротушпайт. Алар дайыма идеяларды талкуулашат.

Достор, а балким, ушул сапаттар аларды ийгиликтүү кылгандыр?…

                                                                Даярдаган: Алтынбек Алымжанов

Бөлүшүңүз:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *