Бактылуу жашоонун эӊ жөнөкөй 7 сыры

 

Бакыт сыры. Аз ойлонуп, көп сүйүп, көп кубаныӊыз. Көбүнчө биздеги көйгөйлөр, ишке ашпаган ойлорду көп ойлонгондон келип чыгат. Оюуӊузду башкарып, мээӊизди эс алдырганды үйрөнүӊүз. Ойлонуп жетпеген кыялдар менен өзүӊүздүн абалыӊызды төмөндөтпөй, сизде бар нерселер менен бактылуу болгонду үйрөнүӊүз.

Эркиндик сыры. Башкалар сиз жөнүндө кандай ойдо экени эч качан сиздин тынчыӊызды албашы керек. Канча адам болсо, ошончо көз караш, табит жана мамиле болот. Ар бирине ылайыкташуунун кажети жок. Ар бир адам жеке инсан. Андыктан башкалардын, ой пикирине, көз карашына жараша жашайм деп өзүӊүздү ууландырбаӊыз. Башкалардын ой пикиринен эркин болуӊуз. Бөлөктөрдү эч качан туурабаӊыз. Сиз өзүӊүздүн каалоолоруӊузда гана бактылуу боло аласыз.

Сүйүү сыры. Сүйүүнү талап кылгандан көрө сүйө бериӊиз. Сиз канчалык сүйүү берип, сүйүү тартууласаӊыз сизге эки эселеп кайтып келет. Адамдарды кандай болсо ошондой кабыл алганды үйрөнүӊүз, аларды кайра жасоого аракет кылбаӊыз. Майнапсыз болуп калса шагыӊыз сынат же татаалдаштырып аласыз. Андыктан ар бир адамдын жакшы жактарын көрүп, кемчиликтери менен сүйүӊүз. Өзүӊүздө да сиз билген жана билбеген кемчиликтер бар экени анык. Муну эстен чыгарбаӊыз.  

Чындык сыры. Ар дайым өзүӊүз жана башкалар менен болгон мамиледе чынчыл болуӊуз. Эч качан калп айтпаӊыз. Каалооӊуз менен ишиӊизди дал келтириӊиз. Көӊүлүӊүзгө туура келбеген адамдар менен мамиле куруп, жакпаган ишти жасап өзүӊүздү жана башкаларды кыйнабаӊыз. Кайсы тармакта, кимдер менен болсо да чын дилден мамиле куруӊуз.

Достук сыры. Досторуӊуз менен чындап дос болгонду үйрөнүӊүз. Айтууга мүмкүн болгон сырларыӊызды бөлүшө турган досуӊуз болсун. Жөн эле ушакташкан эмес, тажырыйбасын бөлүшүп, кеӊешин бере турган дос болсун. Досу бар адамдын ишеними жогору болот. Анткени ар дайым муктаж болгон учурда досу жанында болоорун сезген достук – чыныгы достук. Досуӊузду сыйлаӊыз, белек бериӊиз, анын көӊүлүн алыӊыз. Анын ар бир ийгилигине кубаныӊыз. Достуктун ырахатын сезиӊиз.

Сулуулук сыры. Ар бир адам сулуу.  Сулуу эмес адам болбойт болгону, кам көрүлбөгөн, камсыздалбаган адам болот. Андыктан өзүӊүздү сыйлап, камсыздандырыӊыз, кам көрүӊүз. Көз сулуулукту сүйөт. Сулуу болуӊуз. Сулуу болуш үчүн сөзсүз эле акча керек эмес. Спорт менен машыгып, бүкүрөйбөй түз басып, муздак сууга жуунуп өзүӊүздү таза алып жүрүӊүз.

Байлык сыры. Алгандан биринчи бергенди үйрөнүү зарыл. Алыш үчүн бериш керек.  Жөн гана берүү эмес – чын жүрөктөн.  Эмнелерди берүү керек, сөзсүз эле каражат эмес, ким эмнеге муктаж болсо ошону. Мисалы: каражат, билим, мээрим, сүйүү, тажырыйба ж.б.  Бергенден ырахат алгандардан болсоӊуз, сиз сөзсүз бай болосуз.  

Даярдаган: Анара Токтосунова

Бөлүшүңүз:

2 мысли о “Бактылуу жашоонун эӊ жөнөкөй 7 сыры

  1. Калыс сказал:

    Рахмат
    Жакшы кеңештерди бердиңиз
    Ден соолук сизге жана ийгилик!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *