ЭМОЦИОНАЛДЫК ИНТЕЛЛЕКТ ДЕГЕН ЭМНЕ ЖАНА АЛ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Акыркы учурда психологияда “эмоционалдык интеллект” деген түшүнүк абдан популярдуу болуп жатат. Бул эмне деп жаткан болсоӊуз, бул – бүтүндөй сиздин жашооӊузду башкарып турган күч. Бүтүндөй сиздин ийгилигиӊиз ушул эмоционалдык интеллектке көз каранды. Анда кененирээк айтып берейин.

Эмоция деген эмне?

Эмоция – энергиянын сыртка чыгышы. Адамдын ички сезимдерин билдирүүчү аракеттер.

Эмоционалдык интеллект – адамдын өзүнүн жана башкалардын дагы эмоцияларын так аныктап, ал эмоцияларды контролдоп, башкара билүү жөндөмдүүлүгү. Эмоционалдык интеллекти жогору адамдардын интуициясы күчтүү болот.

Эмпатия – жанындагы адамдын эмоцияларын, ички сезимдерин туюп билүү, анын абалына түшүү.

Эмоционалдык интеллект эмнеге керек?

Эгер сиз эмоционалдык интеллект адамдар менен болгон баарлашууда гана керек деп жаткан болсоӊуз, чоӊ жаӊылышасыз. Бул негизи жашоонун баардык тармактары үчүн маанилүү. Адамдын ийгиликтүү болушу 20% акыл, 80% эмоционалдык интеллектен көз каранды. Эгер сиз эмоцияӊызды башкара албасаӊыз, эмоция сизди башкарат. Эмоциясын башкара албаган адамдар чоӊ ийгилик жарата албайт.

Эмоционалдык интеллект кантип иштейт?

EQ-бул эмоционалдык интеллект, IQ – ой жүгүртүү, акыл эс. EQ жогорулаган кезде IQ төмөндөп кетет. Мисалы эмоцияӊыз жогорулап, ачууга алдырып ийген кезде, сиздин акыл эсиӊиз автоматтык түрдө төмөндөп, иштебей калат. Ошонун кесепетинен айтылбаган сөздөр айтылып, эмоцияӊыздын кулу болуп каласыз.

Мамиледе. Сезимдерибизди түшүнүү жана башкаруу менен, башкалардын да абалын, сезимдерин түшүнө алабыз.  Бизди курчаган адамдардын муктаждыктарын, сезимдерин, жоопторун түшүнүү кыйын, бирок түшүнүү толук кандуу мамилеге алып келет. Турмушта ким кайсы тармактан аксаса, демек ошол адамдын ошол тармакта эмоционалдык интеллекти төмөн. Мисалы, айрымдар үй-бүлө кура албай кыйналып келет, кээ бирөө курса дагы жашоосу уруш, чыр-чатак менен коштолот. 

Ден соолукта. Ден соолугубузга түздөн-түз таасирин берген стресстен арылуу, же стресстик абалга түшпөө жөндөмү эмоционалдык интеллектибизге байланган. Стресске алып келген жагдайды түшүнүү менен стресстен арыла алабыз. Андыктан түшүнүү өтө маанилүү. Эмоционалдык интеллект тынчсызданууну төмөндөтүп, маанайдын өзгөрүүсүн сактоого жардам берет. Эмоционалдык интеллектин жогорку деӊгээли позитивдүү мамилеге жана бактылуу жашоого түздөн-түз байланыштуу.

Чыр-чатакты жөнгө салуу. Адамдардын сезимдерин байкап, алардын көз карашына боор ооруй алсак, чыр чатактарды баштоо алдында аларды чечүү же алдын алуу мүмкүн. Башкалардын муктаждыктарын жана каалоолорун түшүнүү менен сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүзө алууга болот. Эмне экенин жакшы түшүнгөн соӊ адамдардын каалаган нерсесин берүү оӊой.

Ийгилик жаратууда. Жогорку эмоционалдык интеллект бизге күчтүү ички шыктандыруучу болуп саналат. Бул адамдын өзүнө болгон ишенимди жогорулатат жана максатка бекем болуу жөндөмүн өркүндөтөт. Ошондой эле, адамга колдоо көрсөтүүнүн жакшыраак тармактарын түзүүгө, кыйынчылыктарды жеӊүүгө жана туруктуу көз караш менен туруктуу болууга мүмкүнчүлүк берет.

Лидерлик. Башкалар эмнеден шыктанаарын билүү, позитивдүү мамиледе болуу, башкалар менен бекем жана туруктуу мамиледе болуу  жөндөмү эмоционалдык интеллектке ээ болгондорду мыкты лидерликке айлантат. Чыныгы лидер өзүнүн командасынын муктаждыктары эмнеде экендигин тааный алат, ошол муктаждыктар жогору өндүрүмдүүлүккө жана жумуш ордуна канаттанууга түрткү берет. Эмоционалдык жактан ийгиликтүү лидер, командасынын эмоционалдык ар түрдүүлүгүн стратегиялык жактан колдонуп, жалпы командага пайда алып келүү аркылуу күчтүү команда түзөт. Эмоционалдык интеллект мээ интеллектине караганда алда канча маанилүү ролду ойнойт.

Эмоционалдык деӊгээли төмөн адамдардын белгиси:

  • Башкалар жөнүндө кеп кылганды жакшы көрөт, алардын абалына түшүү жөндөмү жок;
  • Үй-бүлө, кайын журт күтө албайт, күтсө дагы аларды сүйө албайт;
  • Өздөрүн акылдуумун деп ойлошот, акылындагы туура деген ойду карманып, тиреше берет;
  • Меники эле туура деп, көп нерсени моюнга албайт;
  • Ар дайым конфликтин үстүндө жүрөт;
  • Эмоциясын туура чыгара албайт, көп жолу эмоциясы үчүн уялат, өкүнүчтөр көп болот;
  • Дайыма стресстик абалда жүрөт, депрецияга тез түшөт;
  • Ден соолугунда дайыма көйгөйлөр болуп турат;
  • Күмөн ойлорго батып, жан дүйнөсү тынч эмес;
  • Өзүнөн да башкаларды көп ойлойт;
  • Башка брөөнүн ийгилигин сүйүнүү менен кабыл алуу жөндөмү жок;
  • Жаман ойлордон арыла албайт;
  • Өзүмчүл, баардыгы менде эле болсо дейт;
  • Туруктуу эмес;
  • Ар дайым нааразы, ыраазы болууну билбейт;
  • Сабырсыз;

Эгер сизге бул мүнөздөр таандык болсо, тезинен эмоционалдык интеллектиңизди өстүрүү керек. Себеби мындай жүк менен сиз эч качан ийгилик жарата албайсыз.

Даярдаган: Анара Токтосунова

ЭМОЦИОНАЛДЫК ИНТЕЛЛЕКТИ ӨСТҮРҮҮЧҮ ТЕХНИКАЛАР

 

 

Бөлүшүңүз:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *