ЭМОЦИОНАЛДЫК ИНТЕЛЛЕКТИ ӨСТҮРҮҮЧҮ ТЕХНИКАЛАР

Эӊ алгач эмоционалдык интеллектибиз эмне болуп төмөн ошону аныктап алалы. Бул биздин бала кезибизден жөнгө салынбаган кулк мүнөзүбүздүн калыптануусу. Эмоцияларыбызды толук, туура  билдире албай ичибизге кармап, камалып калуудан пайда болгон сезимдер.   

Эмнелер себеп болуусу мүмкүн:                    

  • Бала кезибизде ата-энелерибизге берилген тынымсыз суроолорубузга толук жооп ала албай калуу;
  • Улуулардын коркунучтуу нерселер менен шыктандыруусу (бул тамакты жебесеӊ баланча келип урушат ж.б);
  • Тыюу (оозуӊду бас, ыйлаба, кыйкырба, секирбе, катуу чуркаба, акырын сүйлө), коркутуу (атаӊдын кулагын кесип кетиптир, орустар алып кетиптир ж.б);
  • Үй-бүлөдөгү туруксуз абал, зордук-зомбулук (уруш, чыр-чатак, ажырашуу);
  • Ичкилик, мас адамдар;
  • Улуулардын балдарынын көзүнчө башкалар жөнүндө туура эмес пикирлерди угуу;
  • Жетишсиз мээрим, сүйүү;
  • Дайыма тил уга берүү;
  • Жалгыздык;
  • Ата-энелердин бала тарбиясындагы кайдыгерлик;

Ушул жогорудагы көйгөйлөр өз убагында чечилип, дарыланбаса, бала чоӊойгон сайын көйгөйлөр дагы өзү менен кошо чоӊоё берет. Баланын көкүрөгүндө калган нерселер, кийин сыртка чыгат.

Эмоционалдык интеллекти өстүрүүгө кандай аракеттерди кылуу керек?

Эмоционалдык интеллект тубаса эмес андыктан, аны башкарууну үйрөнүп алуу эч качан кеч болбойт.  

Таанып билүү.  Сезимдериӊизди таанып билиӊиз. Ал сезимдер сизде эмне себептен, жана кандай учурда пайда болуп жаткандыгын аныктаӊыз. “Мен эмне себептен мындай реакция кылдым?” деп өзүӊүзгө суроо берип, ошол реакцияга алып келген сезимиӊизди тааныӊыз. Ар бир ушундай кырдаалды өзүӊүз үчүн жазып, анын ар бири менен күрөшүүнүн жолдорун ойлоп табыӊыз. Мойнуӊузга алыӊыз. Моюнга албай туруп эмоция менен иштөө кыйын. Тагыраагы жыйынтыксыз. Реакция бул сезимдерди билдирген же басаӊдаткан аӊ-сезимсиз жүрүм-турум. Андыктан бул сиздин чыныгы жүзүӊүздү чагылдыруучу десек да болот.

Башкаруу.  Сиздин реакцияӊыздын, эмоцияӊыздын жыйынтыгын ойлонуӊуз. Сезимдериӊизди, маанайыӊызды, реакцияӊызды, жоопторуӊузду ылайыкташтырып, башкарыӊыз.

Жерге отура калуу. Ачууӊуз келип жатканда жерге отура калыӊыз. Ньютондун изилдөөлөрүнө караганда жерге отура калуу адамдын эмоциясын басаӊдатат. Ошондой эле Пайгамбарыбыз (САВ):  “Кимиӊердин турган абалда ачууӊар келсе, ал отурсун. Эгер ачуусу кетсе анда жакшы. Эгер анда да кетпесе, ал жатып алсын.” деген.

Эмпатия. Башкалардын абалына кирүү. Өзүӊүзгө суроо бериӊиз “мен болгондо кандай болмок?” деп, анын ордуна өзүӊүздү коюӊуз. Жөн эле, “мен укмуш эмесмин го, мен да жаӊылам” деп өзүӊүздөгү кемчиликти дагы ойлоӊуз.

Эстүү адам болуу. Эстүү адам конфликт учурунда өзүн кандай алып жүрөт, сабырдуу болсоӊ конфликтин жыйынтыгында сиз утушка ээ болооруӊузду кагаз бетине жазып алыӊыз. Сабырдуулуктун сообу чоӊ экендиги менен өзүӊүздү шыктандырыӊыз. Анан дайыма EQ ӊуз жогорулаган кезде “эстүү адам кандай болот?” деп өзүӊүзгө суроо бериӊиз да, дароо оозуӊузду жаап калыӊыз. Ооба кыйын, бирок өзгөрүүнү кааласаӊыз жасоо шарт.

Шайтанга баш ийбеӊиз. Шайтан оттон жаралганын билсеӊиз керек. Андыктан адамдын ачуусу келгенде оттой кайнап чыгат. Демек шайтандын ичиӊизге кирип алганын түшүнүӊүз да, анын сиздин жашоону башкарышына жол бербеӊиз.

Даарат алыӊыз. Хадистердин биринде мындай айтылат: “Ачуулануу бул шайтандан. Албетте шайтан оттон жаралган. От суу менен өчүрүлөт. Кимдин ачуусу келсе, анда ал даарат алсын.” (Абу Дауд)

Акылыӊыздын иштешине түрткү берүү. Жүздөн бирди көздөй санаӊыз. Мисалы 100, 99, 98, 97… Мындай ыкма сиздин эмоцияӊызды эмес акылыӊызды иштөөгө түрткү берет. IQ – акылыӊыз жогорулаган кезде, EQ – эмоцияӊыз төмөндөйт.

Кичипейил болуу. Кичипейил адам эмоцияларга алдырбайт. Көбүнчө өзүн жогору сезген адамдар мындай кадамдарга барат. Андыктан кичипейил болууга аракет кылыӊыз.

Урматтуу өсүүгө бет алган менин сапарлашым! Анда өзүӊүз менен иштөө мөөнөтүӊүз берекелүү болсун! Бул техникаларды колдонуп, эмоционалдык интеллектиӊиз сөзсүз өсөт деп ишенем. Сиздин колдон баары келет! Ийгиликти жаратуучу СИЗСИЗ! Өзүӊүзгө ишениӊиз! А мен болсо сизге ишенем!

Урматым менен Анара Токтосунова

ЭМОЦИОНАЛДЫК ИНТЕЛЛЕКТ ДЕГЕН ЭМНЕ ЖАНА АЛ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүңүз:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *