Өсүүнүн алгачкы 7 этабы же фундамент


Алдыӊыздан миӊдеген маалымат, окуулар чыкса да өзгөрө албай, ордуӊуздан жыла албай, же бир нерсе жетпей жаткандай болуп жатса, бул өсүүнүн эӊ алгачкы 7 этабын сунуштайбыз. Жүрөгүӊүздү тынчтыкка алып келип алыӊыз. Бул сиздин фундамент. Өсүү, өзгөрүү ушул жети этаптан башталат.

1. Таанып билиӊиз. Сизди жараткан Жаратканды таануу. Анын сизге береген мүмкүнчүлүктөрүн билүү. Жана өзүӊүздүн ким экениӊизди, кандай мүмкүнчүлүктөр менен жаратылганыӊызды таанып билүү өсүп өнүгүүдөгү биринчи этап.

2. Ыраазычылык билдириӊиз. Сизде бар баардык нерсеге ыраазы болуӊуз. Ыраазычылык жакшылыкты көбөйтүүчү эӊ жакшы курал. Ал тургай сизге келген көйгөйлөргө да ыраазы болуӊуз. Себеби жашоодогу ар бир келген көйгөй сизди өстүрүү үчүн келет экенин түшүнүп, “бул менин өсүүм үчүн келиптир” деп кабыл алып ошол жердеги көйгөйдү чечип, кийинки этапка көтөрүлүӊүз. Ага да ыраазы болуӊуз.

3. Кечирим сураӊыз. Кечириӊиз, кечирим сураӊыз. Сиз таарынткан, сизди таарынткан да адам калбасын. Баарынан сиз кечирим сураӊыз. Биринчи кечирим сурап жараткандын ыраазычылык алуу мүмкүнчүлүгү келип жатканына кубануу менен шашылып кечирим сураӊыз. Бул жашоого таарынып, кек сактап жүрөктөрдү ооруту үчүн келген эмеспиз. Кыжалаттык сезимдеринен кутулуӊуз. Буга чейин кылган туура эмес иштериӊиз үчүн жараткандан кечирим сураӊыз.

4. Эрте туруӊуз. Таӊкы ырыскыӊызды тосуп алыӊыз. Эртеӊ мененки 30 мүнөт убакытты туура пайдаланыӊыз. Суу ичиӊиз, көнүгүү жасаӊыз, чуркаӊыз, китеп окуӊуз. Сиздин күнүӊүз кандай өтөөрү, таңды кандай тосконуӊуздан көз каранды. Ушуну 100% түшүнүү керек.

5. Китеп окуӊуз. Чынында китептер бизге көп нерселерди үйрөтөт. Бактылуулуктун, жакшы жашоонун, ийгиликтин сырлары китепте катылган. Буга ишенүү керек. 100 гө чыгып да тунук акыл, сый-урматтын ээси болом десеӊиз китеп окуӊуз. Оозуӊузга кеп бүтүп, көкүрөгүӊүзгө даанышмандык орноп, билгиликтин ээси болосуз.

6. Кызмат көрсөтүӊүз. Өзүмчүл, кайдыгер болбоӊуз. Кызмат кылганды билиӊиз. Ата-энеге, бир тууганга, мекенге, жөн гана бейтааныш адамга кызмат кылыӊыз. Ордуна эч нерсе күтпөстөн кызмат кылыӊыз. Башкалардын маселесин чечсеӊиз, сиздин маселени жараткан чечээрине ишениӊиз, жана бир гана андан күтүп сураӊыз.

7. Кайрымдуулук кылыңыз. Кайрымдуу болуӊуз. Кылган бир жакшылыгыӊыз, он эсе, миӊ эселеп кайтаарына ишениӊиз. Байыгандан кийин эмес, байыш үчүн бериш керек деген жакшы кеп бар. Андыктан жашооӊуз берекелүү болсун десеӊиз кайрымдуулук кылыӊыз.

Даярдаган: Анара Токтосунова

Бөлүшүңүз:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *