УРМАТТУУ ОКУРМАН!

       Учурда билим алууга, өзгөрүүгө, өзүн өзү тарбиялоого, ийгилик жаратууга бел байлаган, өзүм эле дебестен өзгөнүн да камын ойлогон, элим, жерим деген жаштар өсүп келе жаткандыгы кубандырат. “Мектептен кийин, жогорку окуу жайда 5 жыл окуп билим алдым, дипломум бар, билимдүүмүн” деп маашыркап, андан ары изденүүсүн токтотуп жанылыштык кылгандар да коомубузда жок эмес. Кеп диплом жана 5 жылда эмес, кеп коом өнүгүп жаткан сайын жаныланып, өнүгүп жаткан билимди кабылдабай, эскирген ойлору, эскирген билими менен калып калгандыкта. Билгени менен баарын билем деп, талашып-тартышып жаңыны кабылдабаган жүрөгүндө, түшүнүгүндө. Бул трагедия эмеспи? Билимдин түбү жок, сүңгүп кирген сайын өзүнө тартып, ал сага улам жаңы кереметтерин ачып, жашоого болгон көз карашыңды өзгөртүп чынжырсыз өзүнө байлап алат. Кандай керемет?! Андыктан билим алалы, китеп окуйлу, изденели, өзгөрөлү, жакшы жашоого умтулалы! ӨЗГӨРҮҮ ЭЧ КИМГЕ, ЭЧ КАЧАН КЕЧ ЭМЕС!

         ШОК.KG – маалымат булагы сизге өзүн-өзү тарбиялоодо, өнүгүүдө, изденүүдө ишеничтүү булак болуп берет деп ишендире алабыз. Биз сизге дем-күч берүүчү маалыматтар менен бөлүшүп, сиздин досуңуз болууга даярбыз. Ошондой эле сергек жашоого үндөгөн, сизге стимул бере турчу ар кандай долбоорлорду ишке ашырып турабыз.   

ШОК БОЛ, ШОК БОЛБОСОҢ ЖОК БОЛ!

Эмне себептен “ШОК” деп атадык, сизге кызык болуп жатса керек?

“Шок” деген сөздү укканда көпчүлүк “тентек”, “бейбаш”, бир оорунда турбаган кыйсыпыр мүнөздөгү баланы элестетет. Ооба, чынында шок балдардын дал ушундай болоору ырас. Көпчүлүк жаман сапат катары да кабылдашат. Бирок биз ушул жерден жанылышып жатабыз. Бул мүнөздүн бардыгын, жеңиш деп да айтсак болот. Себеби адам баласындагы ашып-ташыган энергиянын өзү шоктук эмеспи. Ошол энергияны туура жакка багыттасак, болуп көрбөгөндөй ачылыш, жаныланууларды жаратаары анык. Турмуш өзү шок мүнөздөгү балдардын көбүрөөк ийгилик жаратаарын далилдеп келет. Психалогияда дагы ашыкча жоош, тентек кылбаган балада мандем бар деп, патология катары карашат. Андыктан биз сиздерди шок болууга, биз менен бирге өнүгүүдө чакырабыз. Элибизде “Шок бол, шок болбосоң жок бол!” деген сөз да бекеринен айтылбаса керек.

Алтын эреже

Комментарийге адамдардын абройуна шек келтирүүчү негатив сөздөрдү жазууга болбойт.

Биздин сайтка жарыяланган материалдарды колдонууда сөзсүз түрдө биздин сайттын шилтемесин бериңиздер. Уруксатсыз уурдаганга жана көчүрүп алууга жол берилбейт!

Биз менен байланыш: